Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жалпы билим берүү уюмдары) 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу тартибин, ошондой эле окуучулардын тамактануусун уюштурууга карата негизги максаттарды, милдеттерди жана талаптарды, тамак-аш азыктарын жеткирүү тартибин, тамак-аш азыктарын сактоо шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктайт, сарамжалдуу, балансталган жана пайдалуу тамактануу принциптерине негизделген тамактануунун курактык ченемдерин, ошондой эле окуучулардын тамактануусун уюштурууга катышкан адамдардын жоопкерчилигин белгилейт.
3. Ысык тамак берүү жана өз алдынча бышыруу уюштурулган жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Бул Жобонун колдонулушу жатак тибиндеги жалпы билим берүү уюмдарынан башка бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына жайылтылат.
5. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) окуучулардын тамактануусу - окуучулардын энергиясынын запасын толуктоо, өсүү жана физиологиялык өнүгүү процесстерин ишке ашыруу үчүн тамак-аштын жардамы менен окуучулардын өмүрүн жана организминин саламаттыгын сактоо;
2) окуучулардын ысык тамагы - тамак-ашта кулинардык даярдыкка жеткирилген, порцияланган жана кооздолгон ысык биринчи жана (же) экинчи тамактын болушу;
3) меню - жалпы билим берүү уюмдарынын коомдук тамактануу пункттарында (ашканаларда/буфеттерде) берилүүчү тамактардын жана суусундуктардын тизмеги;
4) ашкана - менюнун негизинде тамак-аш алуу үчүн азыктарды өндүрүүчү жана сатуучу коомдук тамактануу түйүнү;
5) буфет - жогорку даражада даярдалган жарым фабрикаттардан жасалган азыктардын чектелген ассортиментин, муздак тамактарды, жеңил тамактарды, оңой даярдалган ысык, таттуу тамактарды, ундан жасалган кулинардык, булочка жана кондитердик азыктарды сатуучу коомдук тамактануу пункту;
6) мектеп алдындагы чарба - жалпы билим берүү уюмунун аймагындагы участок, анда окуучулардын тамак-аш рационун кеңейтүү максатында айыл чарба продукциясы өстүрүлөт;
7) тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк сырьёсун бракераждоо журналы - тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьёсунун сапатын контролдоо журналы;
8) даяр кулинардык продукцияны бракераждоо журналы - даяр жана кулинардык продукциянын сапатын контролдоо журналы;
9) ден соолук журналы - тамак-аш блогунун кызматкерлеринин дене бойлук саламаттыгын контролдоо журналы;
10) тамак-аш азыктары - адамдын тамак-ашына керектөөсү үчүн арналган табигый, иштетилген же кайра иштетилген түрдө жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган продукттар, анын ичинде адистештирилген тамак-аш азыктары, идиштерге өлчөлүп куюлган ичүүчү суу, ичүүчү минералдык суу, микроорганизмдердин уюткулары жана старттык азыктары, ачыткылар, тамак-аш кошулмалары жана ароматизаторлор, ошондой эле азык-түлүк (тамак-аш) сырьёсу;
11) азык-түлүк (тамак-аш) сырьёсу - жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган продукттар, ичүүчү суу, микроорганизмдердин уюткулары жана старттык азыктары, тамак-аш азыктарын өндүрүү (даярдоо) үчүн пайдаланылуучу ачыткылар, тамак-аш кошулмалары жана ароматизаторлор;
12) тез бузулуучу тамак-аш азыктары - эгерде Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринде башкача белгиленбесе, тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнө жарамдуулук мөөнөтү 5 күндөн ашпаган тамак-аш азыгы, ал коопсуздукту сактоо жана анда ооруну пайда кылуучу 12 микроорганизмдин, бузуучу микроорганизмдердин жана (же) адамдын ден соолугу үчүн кооптуу деңгээлге чейин токсиндердин пайда болушунун алдын алуу максатында сактоо жана жеткирүүнүн (ташуунун) атайын түзүлүүчү температуралык режимдерин талап кылат;
13) тамак-аш азыктарынын жарамдуулук мөөнөтү - тамак-аш азыктары ушул Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринде тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнө белгиленген ага коюлуучу коопсуздук талаптарына толук шайкеш келүүгө, ошондой эле маркалоодо билдирилген өзүнүн керектөө касиеттерин сактоого тийиш болгон убакыт жана ал өткөндөн кийин тамак-аш азыктары багыты боюнча пайдаланууга жараксыз болуп калат;
14) сактоо мөөнөтү - сактоонун белгиленген шарттары сакталган учурда товардын ченемдик документтерде көрсөтүлгөн өзүнүн бардык касиеттери сакталып турган мезгил;
15) бракераждоо комиссиясы - даярдалган тамактардын сапатына баалоо жүргүзүү үчүн атайын түзүлгөн комиссия;
16) өндүрүштүк контролдоо комиссиясы - санитардык-эпидемияга каршы (алдын-алуучу) иш-чараларды камсыз кылуу жана тамактанууну уюштурууда санитардык эрежелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн атайын түзүлгөн комиссия.