Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-сентябры № 2024-П-14/41-3-(ПС)
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-2-(ПС) , 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 2025-П-14/48-4-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык)
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 9, 28, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын көзөмөлүндөгү уюмдарга Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө жеткирүүсүз, чет мамлекеттерден кирүүчү же чет мамлекеттерге чыгуучу товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр предмети болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу компаниялардан тышкары, башка жактар менен түзүлгөн контракттар боюнча төлөм тапшырмаларын аткаруу үчүн кабыл алууга жана башка жолдор менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө чектөө белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу компаниялар тышкы экономикалык иштин субъекттерине карата эсептешүүлөр боюнча айрым жоболорду белгилөөгө укуктуу.
Ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө жайылтылбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-2-(ПС), 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 2025-П-14/48-4-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык)
КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 15-майындагы № 2026-П-12/30-1-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-сентябры № 2024-П-14/41-3-(ПС)