Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 381
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 276 токтомунун редакциясына ылайык)
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызматкерди жалдоо жөнүндө типтүү эмгек келишими 1-тиркемеге ылайык;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлердин сый акысынын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) үзгүлтүксүз иштин 11 айы аяктагандан кийин өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
3) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын чегинде, ошондой эле республикалык бюджеттен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 381
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек
келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы
төлөөнүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 276, 2026-жылдын 18-августундагы № 559 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызматкерди жалдоо жөнүндө типтүү эмгек келишими 1-тиркемеге ылайык;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлердин сый акысынын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) үзгүлтүксүз иштин 11 айы аяктагандан кийин өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
3) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын чегинде, ошондой эле республикалык бюджеттен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 276 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |