Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июнундагы № 486-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 536-т тескемесине) |
"40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "40 район - 40 китеп" адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конкурсту өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын региондорунан авторлордун чыгармаларын баалоодо келип чыгуучу укуктук жана уюштуруу мамилелерин жөнгө салат (мындан ары - Конкурс).
2. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
уюштуруучу - интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент);
катчылык - Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары - Мамлекеттик фонд);
калыстар тобу - конкурстук чыгармачыл материалдарды кароо жана катышуучулардын мыкты иштерин аныктоо үчүн эксперттердин тобу (мындан ары - Калыстар тобу);
катышуучулар - Конкурска катышууга өтүнмө берген, 18 жашка толгон жана андан жогору Кыргыз Республикасынын жарандары;
Конкурска катышууга өтүнмө - катышуучунун Конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн шарттарда Конкурска катышуусун жазуу жүзүндө ырастоосу (мындан ары - өтүнмө).
2-глава. Конкурстун максаты жана милдеттери
3. Конкурстун негизги максаты кыргыз тилин жана улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу жана илгерилетүү болуп саналат.
4. Конкурстун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) патриотизмди жандандырууга, маданий потенциалды сактоого, улуттук мурасты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын тагдырына тиешелүү тарыхый аң-сезимди калыптандырууга өбөлгө түзгөн чыгармалардын авторлорун колдоо;
2) республиканын региондорунан адабиятчылардын чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
3) азыркы учурдагы авторлордун мыкты адабий чыгармаларын популярдаштыруу;
4) жарандык коомдо базалык баалуулуктарды бекемдөө;
5) кыргыз адабиятына салым кошууга жөндөмдүү жаңы таланттуу авторлорду издөө, чыгармачылык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү жана алардын чыгармачылыгына кеңири окурмандардын көңүлүн тартуу.
5. Уюштуруучу төмөнкүлөрдү камсыздайт:
1) бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды;
2) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка Конкурс жөнүндө маалыматтарды жеткирүүнү;
3) Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды алар расмий жарыяланган датадан мурда ачыкка чыгарууга жол бербөөнү.
6. Конкурстан өткөн катышуучулардын чыгармаларынын саны Калыстар тобунун чечими менен аныкталат.
3-глава. Калыстар тобун түзүү жана анын функциялары
7. Калыстар тобунун курамы илимдин, билим берүүнүн жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринин, эксперттердин, жазуучулардын, адабий сынчылардын, журналисттердин ичинен 9 адамдан кем эмес санда түзүлөт жана Конкурстун уюштуруучусунун буйругу менен бекитилет.
8. Калыстар тобу:
1) Конкурска көрсөтүлүүчү жана ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарга жана критерийлерге ылайык келген чыгармаларды баалайт;
2) катышуучунун ар бир чыгармасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык басма продукциясын (китептерди) басып чыгарууга чечим чыгарат;
3) уюштуруучунун бекитүүсүнө берүү үчүн Конкурста жеңген катышуучулардын чыгармаларынын тизмесин түзөт;
4) Конкурска келип түшкөн чыгармалардын авторлугунун купуялуулугун камсыздайт.
Калыстар тобунун жыйналышында чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, мында добуштар бирдей болуп калган учурда Калыстар тобунун төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
4-глава. Конкурска көрсөтүлүүчү чыгармаларга карата талаптар
9. Конкурска көрсөтүлүүчү чыгармалар (кол жазма) жарыяланбаган жана мамлекеттик же расмий тилдерде жазылган болууга тийиш. Конкурска көркөмдүк деңгээлге, этикалык баалуулуктарга жооп бербеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар кабыл алынбайт.
10. Конкурска чыгармалар авторлор же алардын укук улантуучулары (ишенимдүү өкүлдөрүнө автордук укук мураскерлери) тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн. Өзүнүн чыгармаларын көрсөтүү менен авторлор бул чыгармаларга бардык автордук укуктар өзүнө гана таандык экенине жана бул чыгармаларга өзгөчө укуктар үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбегенине кепилдик берет. Үчүнчү жактардын укуктарын бузган авторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
11. Конкурска берилген чыгармалардын көлөмү 500 беттен (аралыктары менен) ашпоого тийиш. Конкурстук иштер word же pdf форматтарында кабыл алынат. Кеглдин өлчөмү 14, Times New Roman шрифти, саптардын ортосундагы интервал - бир, жээктери - стандарттуу.
12. Чыгарма "40 район - 40 китеп" конкурсу" деп көрсөтүү менен Мамлекеттик фонддун электрондук почтасына жөнөтүлүүгө тийиш.
13. Бир автордон ар бир номинацияга бирден чыгарма (жалпы идея менен бириктирилген чыгармалардын циклы) боюнча өтүнмө берилиши мүмкүн. Ар бир номинацияга катышуу үчүн тиркелген чыгарма менен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өзүнчө өтүнмө толтурулат.
14. Чыгармага автордун чыныгы аты же анын жеке купуя ысымы менен кол коюлушу мүмкүн. Чыгарманын аягында анын түзүлгөн датасы көрсөтүлүшү зарыл.
15. Ушул Жобонун 19-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн номинациялык документтердин толук топтому жок болгон же Конкурстун талаптары сакталбаган учурда чыгарма катчылык тарабынан Конкурстун Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн кароосуна берилбейт.
16. Конкурска төмөнкү чыгармалар кабыл алынбайт:
1) Конкурска катышууга өтүнмө толтурулбаган;
2) тексттердин көлөмү боюнча Конкурстун шарттарында көрсөтүлгөн параметрлерден ашып кеткен;
3) экстремизмге чакыруу камтылган, ченемдик эмес лексика колдонулган, зордук-зомбулукка жана ырайымсыздыкка пропагандалаган;
4) Конкурстун тематикасына же ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген.