КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-сентябры № 542
Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августундагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасында кластердик саясатты киргизүү жөнүндө" токтомун аткаруу жана мамлекеттик инвестициялык саясатты практикалык ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында жеке жана мамлекеттик инвестициялардын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын экономикасын кластердик өнүктүрүүнүн методологиялык негизи 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2ˡ. Кыргыз Республикасындагы агроөнөр жай кластерлери жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августундагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Чарбалык субъекттерге ушул токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кластерлерди уюштуруу жөнүндө жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 69 (3623) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын экономикасын кластердик өнүктүрүүнүн МЕТОДИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Киришүү
Өнүккөн өлкөлөрдүн дүйнөлүк тажрыйбасы кластерлердин эффективдүүлүгүн, ошондой эле ар кандай түрлөрүнүн келип чыгуусунун мыйзам ченемдүүлүгүн күбөлөндүрүп келет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасында кластердик саясатты киргизүү жөнүндө" токтомунда Кыргыз Республикасынын экономикасын кластердик өнүктүрүүгө басым жасалган, бул өлкөнүн жогорку жана орто технологиялык продукциянын дүйнөлүк рынокторуна чыгуусун камсыз кылат.
Улуттук экономиканы уюштуруунун кластердик формасы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн тийиштүү деңгээлин түзүү боюнча белгиленген максаттарды ишке ашырууга, тармактар ортосундагы кыйла туруктуу байланыштарды аныктоого мүмкүндүк бермек. Бул жаңы идеяны, продуктуну долбоорлоого жөндөмдүү кадрларды даярдоодон жана сапаттуу компоненттерди жана чийки заттарды даярдоону же сатып алууну уюштуруудан баштап, акыркы продуктуну чыгарууга жана сатууга чейин атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны түзүү боюнча системалык башкарууну ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган улуттук экономиканы түзүмдөштүрүү маселесине карата жаңы мамиле.
Кластерлерди түзүү тармактык милдеттерди гана чечүүгө мүмкүндүк бербестен, региондук өсүү чекиттерин өлкөнүн аймагы боюнча көп тармактуу бөлүштүрүүгө да өбөлгө түзөт, ошону менен инновациялык өсүүнүн жаңы борборлорунун пайда болушунун негизинде тең салмактуу региондук өнүгүү камсыз кылынат. Кластердик принциптердин базасында экономиканы модернизациялоонун багытын ишке ашыруу үчүн биздин шарттарга ылайыктуу кластерлерди түзүүнүн жана мамлекеттик колдоонун толук механизмин камтыган негизделген саясатты иштеп чыгуу зарыл. Бул методология Кыргыз Республикасынын экономикасында кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү стратегиясынын негизги маселелерине негиз болуучу жоопторду берет.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул иште төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Инновация, жаңылык (англ. Innovation) - бул рынок талап кылган процесстердин же продукциялардын натыйжалуулугунун сапаттык өсүшүн камсыз кылуучу киргизилген жаңылык. Адамдын интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн, фантазиясынын, чыгармачылык процесстин, ачылыштарынын, ойлоп табууларынын жана рационализациялоонун акыркы натыйжасы болуп саналат. Инновациянын мисалы катары продукцияны (товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) рынокко жаңы керектөө касиеттери же өндүрүш системаларынын натыйжалуулугун сапаттуу жогорулатуу менен чыгаруу болуп саналат.
Инновациялык цикл - инновациялык процесстин негизги этаптарын жана натыйжаларын камтыган иштердин комплекси. Ага коомдук муктаждыктарды канааттандыруунун жаңы ыкмалары жөнүндө идеяны негиздөө максатында ИИИ өткөрүү, жаңы продукттарда илимий билимдерди материалдаштыруу максатында прикладдык ИИИ жана ОКР аткаруу, продукциянын масштабдуу өндүрүшүн технологиялык өздөштүрүү, аны коммерциялаштыруу кирет.
Интеграция - макулдашылган эрежелердин жана принциптердин негизинде өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү жөндөмүнө ээ болгон чарбалык системаларды жакындаштыруу, бири-бирине ылайыкташтыруу жана бириктирүү процесси.
Интеллектуалдык ресурс - ишкананын илимий-техникалык жана инновациялык же интеллектуалдык потенциалын түзгөн кызматкерлердин топтолгон билими, тажрыйбасы, квалификациясы.
Кластер - бул атаандаштык артыкчылыктарын түзүүгө багытталган ийгиликтин негизги факторлоруна ээ, жогорку адистештирилген, өз ара байланышкан компаниялардын белгилүү бир географиялык региондо топтолушу.
Кластердик саясат - кластерге кирген региондордун, ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуучу кластерлерди жана кластердик демилгелерди колдоонун мамлекеттик жана коомдук чараларынын жана механизмдеринин системасы, кластерлерди түзүүгө дем берүүчү, ошондой эле инновацияларды киргизүүнү камсыз кылуучу институттарды өнүктүрүү.
Кластердик демилге - тармактык же тармактар аралык баалуулуктар тизмегинин чегинде иштеген кластерди түзүү же өнүктүрүү боюнча ар кандай стейкхолдерлердин (жеке адамдардын, демилгелүү топтордун жана уюмдардын) иши (биргелешкен долбоор же долбоорлордун портфели же иш-аракеттер программасы). Кластердик демилге региондун же өлкөнүн кластердик саясатынын алкагында да, кластерди түзүү же өнүктүрүү үчүн стратегиялык артыкчылыктарды түзгөн анын стейкхолдерлеринин иш жүзүндөгү иш-аракеттеринин негизинде да демилгелениши мүмкүн.
Баалуулуктар тизмеги (англ. Value chain) - бул стратегиялык пландаштыруу максатында уюмдун ишин толук изилдөөгө багытталган стратегиялык талдоо куралы. Баалуулук тизмеги идеясын Майкл Портер "Атаандаштык артыкчылыгы" китебинде компаниянын айрым иш-аракеттерин талдоо аркылуу атаандаштык артыкчылыгынын булактарын аныктоо үчүн сунуш кылган. Баалуулук тизмеги чыгашаларды жана учурдагы жана мүмкүн болуучу дифференциялоо каражаттарын изилдөө максатында компаниянын ишин стратегиялык маанилүү иш-аракеттердин түрлөрүнө бөлөт. Компаниянын атаандаштык артыкчылыгы бул стратегиялык иш-аракеттердин түрлөрүн атаандаштарына караганда жакшыраак аткаруунун натыйжасында пайда болот.
1.2. Ушул документтин багыты
Өнөр жайдын туруктуу өсүшүн жана активдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн өндүрүштү уюштуруунун жаңы формаларын жана методдорун өздөштүрүү зарыл. Акыркы он жылдыкта көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү кластердик саясатты жигердүү ишке киргизүүдө, анын идеясы минималдуу капиталдык салымдары менен инновациялык негизде биргелешип кеңейтилген кайра өндүрүүгө жөндөмдүү болгон, аймагы боюнча жакын жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын тобунун потенциалын бириктирүү болуп саналат.
Өнөр жайды кластердик өнүктүрүүнүн негизги принциби ишкананын жана региондун экономикасынын тар тармактык көз карашынан өз ара байланышкан ишканалардын тобунун өнүгүү потенциалын комплекстүү пайдаланууга өзгөртүү болуп саналат.
Бул документтин максаты Кыргыз Республикасында келечектеги кластердик атаандаштык иш үчүн колдонмо болуп саналат, бул өз кезегинде төмөнкүлөр үчүн шарттарды түзөт:
- азыр да, келечекте да кластерлерди өнүктүрүү үчүн колдонмо катары кызмат кылат;
- ар кандай тармактарда кластерлерди өнүктүрүү үчүн окуу колдонмосу катары кызмат кылат;
- экономикалык саясаттын чараларына тиешелүү башка өкмөттүк тескемелер үчүн дифференциатор катары кызмат кылат;
- илимий маалыматтардын негизинде экономикалык саясаттын чараларына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт;
- бүткүл өлкө боюнча жана региондук деңгээлде кластердик долбоорлордун тажрыйбасын салыштырууга жана колдонууга мүмкүндүк берет;
- региондук атаандаштык демилге үчүн старттык аянтча катары кызмат кылат.
1.3. Тармактык же региондук кластерлерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу
Кластердик мамилени эске алуу менен өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу инновацияларга, технологияларга, "ноу-хауга", адистештирилген кызмат көрсөтүүлөргө жана жогорку квалификациялуу кадрларга эркин жетүүнү кошкондо, кластердин катышуучуларынын географиялык тыгыз жайгашкан жери менен бириктирилген, натыйжалуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун, ошондой эле жалпы кооперациялык долбоорлорду жана жемиштүү атаандаштыкты жүзөгө ашыруу үчүн өбөлгөлөрдү түзүүнү камсыз кылуучу транзакциялык чыгымдарды азайтуунун эсебинен бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түзөт.
Жогоруда баяндалгандардан улам, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө кластердик мамиленин маанилүүлүгүн түшүнүү жана бул багытта ишти улантуу боюнча бекем чечим кабыл алуу зарыл, анткени кластерлерди уюштурууга туура мамиле кылууда натыйжалар 5-7 жылдан кийин байкала баштайт (1-тиркеме. Кластерди түзүү методикасы).
1.4. Маалыматтардын чогултуу
Изилдөө иштерин жүргүзүүдө системалуу чогултуу(1) схемасынын болушу пайдалуу. Баштапкы маалыматтарды чогултуу үчүн объекттердин анча маанилүү эмес, бирок толук тизмеси 1.1-таблицада келтирилген.
1.1-таблица. Тармакты талдоо үчүн баштапкы маалыматтардын классификациясы