Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 12-декабры № 766-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 547-т, 2025-жылдын 20-январындагы № 22-т, 2025-жылдын 12-августундагы № 690-т, 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Курулуш тармагында, жер титирөөгө туруктуу, жол жана гидротехникалык курулушта, энергетикада, өнөр жайда кеңири колдонулуучу базальт үзгүлтүксүз булалардын, бекемдөөчү, композициялык жана жылуулук изоляциялоочу материалдардын өнөр жайлык өндүрүшүн түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Базальт булалары жана материалдары" мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2026-жылдын 30-сентябрына чейин:
1) жарандык курулушта, гидротехникалык курулушта, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбада, ошондой эле транспорттук коммуникация жана жарандык коопсуздук объекттерин курууда базальт материалдарын колдонууну эске апуучу/кароочу долбоорлоо ченемдерин жана эрежелерин жаңылоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү сунуштарды киргизсин;
2) курулуш тармагында, жол курууда, гидротехникалык курулушта, энергетикада, суу жана коммуналдык чарбада, ошондой эле имараттардын, курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылууда базальт продукциясын пайдалануу боюнча программалардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине тиешелүү сунуштарды киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 547-т, 2025-жылдын 12-августундагы № 690-т, 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 30-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 547-т, 2025-жылдын 12-августундагы № 690-т, 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты оперативдүү тартипте берсин жана анын ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
«Базальт булалары жана материалдары» мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-августундагы № 618-т тескемесинин редакциясына ылайык)