Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 559 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Негизги жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунун тартибин жана негизги принциптерин (мындан ары - Эрежелер) аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) пенсиялык топтоо каражаттарын камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында гана, ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диверсификациялоо, ишенимдүүлүк, өтүмдүүлүк, кирешелүүлүк жана кайтарымдуулук принциптерин камсыз кылуу зарылчылыгына ылайык башкарат.
3. Социалдык фонд пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууда ушул Эрежелерге ылайык функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
2-глава. Инвестициялык портфелдин түзүмүнө карата талаптар
4. Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөргө жайгаштырылышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына пенсиялык топтоолордун наркынын 85 пайызынан ашпаган өлчөмдө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмитенттери тарабынан чыгарылган камсыздалган (күрөөлүк) облигацияларга пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө. Мында бир эмитенттин облигацияларына ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун 5 пайызынан ашпаган өлчөмүндө жайгаштырууга уруксат берилет;
3) кредиттик уюмдардагы мөөнөттүү депозиттерге пенсиялык топтоолордун наркынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө Ошол эле учурда пенсиялык топтоо каражаттары бир кредиттик уюмдун депозитине ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун 15 пайызынан ашпаган өлчөмдө жайгаштырылышы мүмкүн;
4) кредиттик уюмдардагы чет өлкөлүк валютадагы мөөнөттүү депозиттерге пенсиялык топтоолордун наркынын 5 пайызынан ашпаган өлчөмдө. Ошол эле учурда пенсиялык топтоо каражаттары бир кредиттик уюмдун чет өлкөлүк валютадагы депозиттерине пенсиялык топтоолордун 15 пайызынан ашпаган өлчөмдө жана бир чет өлкөлүк валютада ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө жайгаштырылышы мүмкүн;
5) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облигацияларына пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө;
6) ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга пенсиялык топтоолордун наркынын 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына пенсиялык топтоолордун наркынын 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө. Ошол эле учурда пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат;
8) баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина) пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө. Ошол эле учурда пенсиялык топтоо каражаттары ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун 80 пайызынан ашпаган өлчөмдө бир металлга жайгаштырылышы мүмкүн;
9) пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларына.
Баалуу металлдарды (алтын, күмүш, платина) сатып алуу баасы мурдагы жумуш күндөгү баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксинг баасынан жогору эмес Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын расмий курсу боюнча чет өлкөлүк валютада белгиленет.
Баалуу металлдарды (алтын, күмүш, платина) сатуу баасы мурдагы жумуш күндөгү баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксингинен төмөн эмес Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын расмий курсу боюнча чет өлкөлүк валютада белгиленет.
Баалуу металлдарды (алтын, күмүш, платина) сактоо баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралбаган башка башкаруу объекттерине жайгаштырууга жол берилбейт.
Ошондой эле ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралган мамлекеттик баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарын кошпогондо, пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу объекттерине жайгаштырууга жол берилбейт, алардын жылдык кирешеси жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан төмөн.
6. Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн эмес:
1) эмитенттери болуп тейлөө жөнүндө келишимдер түзүлгөн башкаруучу компаниялар, брокерлер, кредиттик жана камсыздандыруу уюмдары, депозитарий жана аудиторлор саналган баалуу кагаздарды алууга;
2) банкроттук жол-жобо козголгон эмитенттердин баалуу кагаздарын алууга;
3) эмитенттери болуп оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактар же катышуучулар катары акционерлери жана аффилирленген жактары бар юридикалык жактар, оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактар же оффшордук зоналардын аймагында жашаган же оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган баалуу кагаздарды сатып алууга.
7. Пенсиялык топтоо каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге алып коюуга жатпайт, аталган каражаттардын менчик ээсинин жана пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо процессинин башка катышуучуларынын милдеттенмелеринин күрөө же башка камсыздоосунун предмети боло албайт.
8. Социалдык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу боюнча ишинин аудити "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.