Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-сентябры № 545-т
Жергиликтүү жана эл аралык финансылык капитал рыногуна чыгуу аркылуу экономикага инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын капитал рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
2) ар бир айдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир айдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 1006-т тескемесинин редакциясына ылайык)