КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-июлу № 371
Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макети тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи-төртүнчү абзацтары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи-жыйырма биринчи абзацтары;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-тиркемесинин 2-4-пункттары, 3-тиркемесинин 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 3-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Иш-чараларды каржылоо республикалык бюджетте билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын МАКЕТИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. _____________________________________________________________________________________________
(тизмек боюнча код - кесиптик билим берүүнүн деңгээлин көрсөтүү менен кесиптин/адистиктин/багыттын толук аталышы)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарты "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте бекитилет.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан кесиптик билим берүү уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткаруу үчүн минималдуу талаптар болуп саналат.
2. Терминдер, аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар:
1) академиялык кредит - билим алуучунун окуу жана (же) илимий жүктөмүнүн көлөмүн өлчөөнүн шарттуу бирдиги;
2) бакалавр - кесиптик ишти жүзөгө ашырууга жана бакалавриат программасы боюнча болгон даярдыкка кошумча өзүнүн кесиптик ишин кеңейтүү үчүн магистратурага тапшырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
3) кесиптик/эмгектик иштин түрү - эмгектин тектеш мүнөзүнө, натыйжаларына жана шарттарына ээ жалпыланган эмгектик функциялардын жыйындысы;
4) экономикалык иштин түрү - иштин түрлөрүн классификациялоонун кыйла бөлүнгөн категорияларын мүнөздөөчү продукциянын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир тектүү топтомуна ээ болууга алып келүүчү процесс;
5) мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмунун, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;
6) гибриддик окутуу методу - окутуу процесси педагогдун жана билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу салттуу окутуу методунун онлайн окутуу методу менен айкалышкан окутуу методу;
7) интеграцияланган программа - бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;
8) квалификация - белгиленген үлгүдөгү документ менен тастыкталуучу, окутууга жана кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;
9) компетенция - билим алуучуну белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
10) магистр - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) өтүү жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү, даярдоонун ар кандай багыттары боюнча адистерге эмгек рыногунун тез өзгөрүп жаткан муктаждыгына жооп берген жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
11) модуль - окутуунун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон окуу дисциплинасынын бөлүгү;
12) даярдоо багыты - Кыргыз Республикасынын квалификациясынын улуттук алкагынын деңгээлине ылайык кадрларды даярдоо үчүн билим берүү программаларынын комплекси;
13) квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
14) жалпыланган эмгек функциясы - конкреттүү өндүрүштүк, өндүрүштүк эмес же бизнес-процессинде түзүлгөн жана кесиптик стандарттын бирдиги болуп саналган өз ара байланышкан эмгек функцияларынын жыйындысы;
15) кесиптик иштин объектти - эмгек ишинин процессинде таасир этүүгө багытталган предметтер, кубулуштар, процесстер;
16) билим берүү программасы - кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли боюнча билим берүү процессинин максаттарын, милдеттерин, пландалган натыйжаларын, уюштурууну аныктоочу конкреттүү багыт, адистик же кесип боюнча билим берүүнүн мазмуну;
17) жумуш ордунда окутуу - милдеттүү түрдө практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасына ээ болуу менен билим берүү уюмунда билим алуучунун жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алуусуна багытталган кадрларды даярдоо системасы;
18) кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн керектүү квалификациянын мүнөздөмөсү;
19) профиль - билим берүү программасынын кесиптик иштин конкреттүү түрүнө жана/же объектине багытталышы;
20) окутуунун натыйжалары - окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;
21) адис - магистратурага, аспирантурага (адъюнктурага) жана/же базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшыруу жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
22) адистик/багыт/кесип - бүтүрүүчү диплом алуучу билимдин конкреттүү тармагы же Кыргыз Республикасынын квалификациясынын улуттук алкагынын деңгээлдерине ылайык тигил же бул кесиптин/адистиктин алкагында иштин белгилүү бир түрү үчүн зарыл болгон атайын даярдыктан жана иш тажрыйбасынан алынган билимдин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн комплекси;
23) тездетилген программа - кыскартылган мөөнөттө окутуунун мурдагы натыйжаларын таануу менен окутууну караган программа;
24) дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ билим берүү программасынын бир бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.
Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын макетинде төмөнкүдөй кыскартуулар колдонулат:
ЖКБ - жогорку кесиптик билим берүү;
МБС - мамлекеттик билим берүү стандарты;
БКБ - башталгыч кесиптик билим берүү;
КР КУА - Кыргыз Республикасынын квалификациясынын улуттук алкагы;
ОКБ - орто кесиптик билим берүү;
ОМБ - окуу-методикалык бирикмелер.