Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-июлу № 371
Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макети тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи-төртүнчү абзацтары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи-жыйырма биринчи абзацтары;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-тиркемесинин 2-4-пункттары, 3-тиркемесинин 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 3-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Иш-чараларды каржылоо республикалык бюджетте билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын МАКЕТИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - МБС)
_______________________________________________________________________________________________________________________________
(тизмек боюнча код - кесиптик билим берүүнүн деңгээлин көрсөтүү менен кесиптин/адистиктин/багыттын толук аталышы)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетинин (мындан ары - МБС макети) талаптары сунуштоочу болуп саналат жана төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн милдеттүү эмес:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген кесиптик билим берүү программалары боюнча эксперименттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда;
- өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан бекитилген билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткаруу үчүн минималдуу талаптар болуп саналат.
Ушул МБСти аткаруу өзгөчө статуска ээ болгон кесиптик башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Терминдер, аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар:
1) академиялык кредит - билим алуучунун окуу жана (же) илимий жүктөмүнүн көлөмүн өлчөөнүн шарттуу бирдиги;
2) бакалавр - кесиптик ишти жүзөгө ашырууга жана магистратурага тапшырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
3) кесиптик/эмгектик иштин түрү - эмгектин тектеш мүнөзүнө, натыйжаларына жана шарттарына ээ болгон эмгектик функциялардын жыйындысы;
4) экономикалык иштин түрү - иштин түрлөрүн классификациялоонун кыйла ирилештирилген категорияларын мүнөздөөчү продукциянын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир тектүү топтомуна алууга алып келүүчү процесс;
5) гибриддик окутуу методу - окутуу процесси педагогдун жана билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу салттуу окутуу методун онлайн-окутуу методу менен айкалыштырган окутуу методу;
6) мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмунун, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдуу билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;
7) жумуш ордунда окутуу - милдеттүү түрдө практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасына ээ болуу менен билим берүү уюмунда билим алуучунун жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алуусуна багытталган кадрларды даярдоо системасы;
8) инклюзивдик билим берүү - ар кандай билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен бардык билим алуучулар үчүн билим алууга тең мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу;
9) интеграцияланган квалификация (татаал) - белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу, белгилүү бир кесиптик иштин түрлөрүнө даярдыгын мүнөздөгөн чектеш же ар түрдүү жааттардагы билимдин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;
10) интеграцияланган билим берүү программасы - бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө бир эле учурда жалпы орто билим жана тиешелүү деңгээлдеги кесиптик квалификация алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана баштапкы кесиптик билим берүү программаларын, жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан кесиптик билим берүү программасы;
11) квалификация - белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу, окутууга жана кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү, Квалификациялардын улуттук алкагына ылайык билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;
12) компетенция - билим алуучуну белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
13) магистр - аспирантурага (адъюнктурага) жана (же) докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшырууга жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
14) микроквалификация - мамлекеттик үлгүдөгү документ менен ырасталуучу, адамдын кесиптик ишинин өзүнчө эмгек функциясын окууга жана аткарууга даярдыгын мүнөздөгөн, Квалификациялардын улуттук алкагынын тиешелүү деңгээлине ылайык, кесиптик модулду (чакан окутууну) аяктагандан кийин алынган конкреттүү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын кичинекей көлөмү;
15) модуль - окутуунун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон окуу дисциплинасынын бөлүгү;
16) даярдоо багыты - Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна, Квалификациялардын улуттук алкагынын жана квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээлдерине ылайык кадрларды даярдоо үчүн билим берүү программаларынын комплекси;
17) Квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын шайкештигин ырастоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
18) кесиптик иштин объекти - эмгек ишинин процессинде таасир этүүгө багытталган предметтер, кубулуштар, процесстер;
19) билим берүү программасы - кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли боюнча билим берүү процессинин максаттарын, милдеттерин, пландалган натыйжаларын, уюштурууну аныктоочу конкреттүү багыт, адистик же кесип боюнча билим берүүнүн мазмуну;
20) жумуш ордунда окутуу - билим берүү уюмунда билим алуучулардын жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү милдеттүү практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө менен алууга, ошондой эле билим берүү уюмун өндүрүштүк бөлүктөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасын алууга багытталган кадрларды даярдоо системасы;
21) квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - белгилүү бир тармак/сектордогу квалификациялардын мазмунунун системалуу жана деңгээлдер боюнча түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
22) кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн керектүү квалификациянын мүнөздөмөсү;
23) профиль - билим берүү программасынын кесиптик иштин конкреттүү түрүнө жана (же) объектине багытталышы;
24) кесип/адистик/багыт - Квалификациялардын улуттук алкагынын деңгээлдерине, Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна, Сабактардын жалпы республикалык классификаторуна ылайык тигил же бул жаатта кесиптик ишти жүргүзүү үчүн документ менен ырасталган, квалификациянын зарыл деңгээлин талап кылган эмгек ишинин белгилүү бир түрү;
25) кесиптик модуль - микроквалификацияны ырастоо жана мамлекеттик үлгүдөгү документти берүү менен, кесиптик иштин белгилүү эмгек функцияларын аткарууга жана окууга даярдыгын мүнөздөгөн окутуунун белгилүү бир натыйжаларына жетишүүнү камсыз кылган формалдуу билим берүүнүн логикалык жактан байланышкан дисциплиналарынын жана окуу иштеринин түрлөрүнүн жыйындысы;
26) окутуунун натыйжалары - окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан күтүлгөн билимдер, көндүмдөр жана социалдык-инсандык компетенциялар;
27) адис - магистратурага, аспирантурага (адъюнктурага) жана (же) докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшырууга жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
28) эмгек функциясы - аткаруу үчүн кызматкерде зарыл билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын болушун болжолдогон эмгек иш-аракеттеринин конкреттүү топтому;
29) тездетилген программа - кыскартылган мөөнөттө окутуунун мурдагы натыйжаларын таануу менен окутууну караган программа;
30) дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ билим берүү программасынын бир бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.
Ушул МБСтин макетинде төмөнкүдөй кыскартуулар колдонулат:
ЖКБ - жогорку кесиптик билим берүү;
МБС - мамлекеттик билим берүү стандарты;
КББ - кесиптик башталгыч билим берүү;
КУА - Квалификациялардын улуттук алкагы;
ОКБ - орто кесиптик билим берүү;
ОМБ - окуу-методикалык бирикмелер.