ТоктомКүчүндө

Чолпонбай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 2 «Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесимнин тарифтери жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

2024-жылдын 26-июлу № 2

 

Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесимнин тарифтери жөнүндө

Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпонбай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бир жылдык жайыт акысы Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай, Көк-Дөбө, Жийде, Жоон-Дөбө айылдарынын тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

- жылкы ар бир башына – 100 сом

- бодо мал ар бир башына – 100 сом

- кой-эчки, козу-улак ар бир башына – 20 сом

 

2. Чолпонбай жайыт комитетинин төрагасы бекитилген тарифтерди жетекчиликке алсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

С. Токонов