| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга
экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Экспорттук контроль жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролго алынуучу продукцияны (мындан ары - контролго алынуучу продукция) экспорттоого, импорттоого жана реэкспорттоого лицензияларды, ошондой эле транзиттөөгө, өлкөнүн ичинде өткөрүп берүүгө уруксаттарды тариздөөдө жана берүүдө бирдиктүү шарттарды жана талаптарды, тышкы экономикалык ишти контролдоо тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда тышкы экономикалык иштин (мындан ары - ТЭИ), анын ичинде брокердик иштин жана контролго алынуучу продукцияны ташууга байланышкан иштин бардык катышуучулары, ошондой эле контролго алынуучу продукцияга тиешеси бар мамлекеттик бийлик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат.
3. Бул Жободо түшүнүктөр "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде колдонулат жана төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) курал-жарак, аскердик техника - куралдын жана аны аскердик колдонууну камсыздоо каражаттарынын, анын ичинде жеткирүү, багыттоо, иштетүү, башкаруу системасынын каражаттарынын ар кандай түрлөрү, ошондой эле куралдуу күчтөрдү жабдууга арналган башка атайын техникалык каражаттар, ок-дарылар жана алардын компоненттери, запас бөлүктөрү, приборлор жана приборлорду комплекттөөчү буюмдар;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган, ушул тармакта тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ мамлекеттик органы;
3) түпкү пайдалануучунун кепилдик милдеттенмеси - түпкү пайдалануучуну контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасына импорттоо жөнүндө, контролго алынуучу продукцияны билдирилген максаттарда пайдалануу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин уруксатысыз аны Кыргыз Республикасынын аймагындагы чарбалык иштин башка субъектине берүүгө же үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоого жол бербөө жөнүндө белгиленген тартипте таризделген күбөлөндүрүү;
4) билдирилген максат - ТЭИнин катышуучусу же түпкү пайдалануучу тарабынан контролго алынуучу продукцияны экспорттоого (реэкспорттоого) жана импорттоого берилүүчү документтерде көрсөтүлгөн контролго алынуучу продукцияны пайдалануу максаты;
5) түпкү пайдалануучу - Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары, алар экспорттолуучу (импорттолуучу) товарды түпкү пайдалануучунун кепилдик милдеттенмесинде (импорттоодо) жана түпкү пайдалануучунун сертификатында көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланат;
6) контролго алынуучу продукциянын өндүрүүчүсү - өлкөнүн экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык товар өндүргөн же кайра иштеткен юридикалык жак;
7) ташуу - контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жана анын чегинен тышкары ордун которуштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү.
4. Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган контролго алынуучу продукцияны экспорттоо жана импорттоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сыр жөнүндө мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Ушул Жободо айтылбаган экспорттук контролдун жасалган же жасалуучу жол-жоболору жөнүндө үчүнчү жакка маалымат берүү мамлекеттик жашыруун сыр жана коммерциялык сыр жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.
6. Контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жана Мамлекеттик чек арасы аркылуу ордун которуштурууда ал Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык мамлекеттик контролго алынууга тийиш.
7. Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын координациялоочу органы болуп эсептелет.