Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 588 токтомуна)

Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип саламаттык сактоонун мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдарынын соттук-психиатриялык жана соттук-наркологиялык экспертизалар бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары - КЖК), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары - КЖПК), Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) талаптарына ылайык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү эрежелерин белгилейт.

2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик психиатриялык уюмдарында жана (же) муниципалдык уюмдарында жүргүзүлүүчү соттук-психиатриялык жана соттук-наркологиялык экспертизалар "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана соттук экспертизаларды жүргүзүү тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. Экспертиза тергөө органдары жана соттор үчүн жүргүзүлөт.

3. Экспертиза эксперттер тарабынан өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу тартибинде жана соттук-эксперттик ишти жүргүзүүгө квалификациясын ырастаган компетенттүүлүк сертификаты болгондо жүргүзүлөт.

4. Саламаттык сактоонун мамлекеттик психиатриялык жана наркологиялык уюмунун же муниципалдык уюмунун жетекчиси соттук-психиатриялык экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомду же аныктаманы алганда аны жүргүзүүнү берилген суроолорго жооптор үчүн талап кылынган көлөмдө атайын билимге ээ болгон конкреттүү экспертке же эксперттер комиссиясына тапшырат.

5. Эксперттер өздөрүнүн атайын билимдерине ылайык жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде өзүнүн атынан корутундуну берет.

2-глава. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү

6. Экспертизаны дайындоо жөнүндө соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун токтому же аныктамасы экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

7. Стационардык экспертизаны дайындоодо камакка алынбаган шектелгенди же айыпталуучуну психиатриялык стационарга (эксперттик бөлүмгө) жайгаштырууга соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.

8. Экспертизага жиберилген адамдын психиатриялык стационарда (эксперттик бөлүмдө) болуу мөөнөттөрү 30 календардык күнгө чейин аныкталат, ал эми бул мөөнөттөрдү узартуу экспертизаны дайындаган орган тарабынан эксперттик комиссиянын жазуу жүзүндөгү, негизделген өтүнүч каты боюнча белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин 7 жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

9. Экспертизаны дайындаган орган же адам экспертке (эксперттер комиссиясына) изилдөөлөр үчүн объекттерди жана материалдарды берет. Бетме-бет экспертизаларды жүргүзүүдө экспертиза дайындалган адам экспертизаны дайындаган органдын же адамдын күчү жана каражаттары менен эксперттик уюмга жиберилет.

10. Соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун мамлекеттик психиатриялык жана наркологиялык уюмга келип түшкөн экспертизаны дайындоо жөнүндө токтому же аныктамасы экспертизаларды каттоо журналына токтоосуз катталат.

11. Кошумча жана кайталанган экспертизалар КЖПКда, КЖКда, ЖПКда каралган негиздер боюнча дайындалат.

12. Кошумча экспертизаны жүргүзүү эксперттердин ошол эле же башка комиссиясына тапшырылат. Кайталанган экспертизаны жүргүзүү эксперттердин башка комиссиясына тапшырылат.

13. Зарыл болгон учурда эксперттер комиссиясы экспертизаны дайындаган органга же адамга эксперттик изилдөө үчүн кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч бере алат. Эгерде өтүнүч 30 календардык күн ичинде канааттандырылбаса, эксперттик маселелер эксперттер комиссиясынын карамагында болгон материалдар буга мүмкүндүк бергендей деңгээлде чечилет же алар аткарылбастан кайтарылып берилет.

14. Адамдын акыл-эсинин жайындалыгы маселелери боюнча соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн үчтөн кем эмес эксперт дайындалат.

15. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизалар амбулаториялык, стационардык, каза болгондон кийинки экспертиза түрүндө жүргүзүлөт.

Амбулаториялык экспертиза - экспертизадан өтүүчү адамды бир жолку бетме-бет текшерүү.

Стационардык экспертиза динамикада психикалык абалга бир кыйла узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү, психикалык бузулууларды дифференциалдык диагностикалоо үчүн, пароксизмалдуу абалдын мүнөзүн жана мезгилдүүлүгүн аныктоо, инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн экспертизадан өтүүчү адамда психикалык бузулуулардын баштапкы же өчүп жок болгон түрлөрү бар учурларда (изилдөө учурунда же укукка жат жосундарды жасоо учурунда) жүргүзүлөт.

Сырттан соттук-психиатриялык экспертиза күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, медициналык документтердин, мүнөздөмөлөрдүн жана пикирлердин негизинде экспертизадан өтүүчү адамды жеке кароосуз жүргүзүлөт.

Каза болгондон кийинки экспертиза күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, медициналык документтердин, мүнөздөмөлөрдүн, пикирлердин негизинде, ошондой эле төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:

1) бир тектүү амбулаториялык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизалар. Бир тектүү экспертиза бир адистиктин өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт;

2) комплекстүү амбулаториялык соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза. Комплекстүү экспертиза ар түрдүү адистиктеги адистер тарабынан психикалык артта калуу фактысын жана даражасын, алардын инсандын жүрүм-турумуна тийгизген таасирин аныктоо үчүн инсанды көп факторлуу изилдөө талап кылынган учурда жүргүзүлөт. Комплекстүү соттук-психиатриялык экспертизалар соттук медиктердин катышуусу жана башка багыттагы адистерди тартуу менен да дайындалат;

3) бир тектүү стационардык соттук-психиатриялык экспертиза;

4) комплекстүү стационардык соттук-психиатриялык, психологиялык-психиатриялык экспертиза.

16. Амбулаториялык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаны жүргүзүү эксперттер же эксперттер комиссиясы аларга берилген изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын изилдеген учурдан тартып башталат.

17. Стационардык соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү бул экспертиза жүргүзүлүп жаткан адам стационардык шарттарда психиатриялык жардам көрсөтүүчү медициналык уюмга жайгаштырылган учурдан тартып башталат.

18. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү үч этапты камтыйт:

1) психикалык бузулуу диагнозун жана анын нозологиялык таандыктыгын белгилөө; экспертизадан өтүүчү адамдын методикалык тапшырмаларды жана тесттерди аткаруусу (биринчи этап);

2) эксперттик маселелерди чечүү максатында табылган психикалык бузулууну соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык баалоо; изилдөөнү жүргүзүү учурунда бардык алынган натыйжаларды кароо жана иштеп чыгуу жана аларды чечмелөө (экинчи этап);

3) сот, судья, тергөө судьясы, тергөөчү тарабынан берилген суроолорго жоопторду камтыган корутундуну даярдоо (үчүнчү этап).

19. Амбулаториялык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүүнүн биринчи жана экинчи этаптары амбулаториялык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизалар башталган күндөн тартып 20 жумуш күндөн кечиктирилбестен аяктайт.

Аталган мөөнөткө экспертке же эксперттер комиссиясына кошумча материалдарды берүүгө кеткен убакыт (эксперттин же эксперттер комиссиясынын өтүнүч каты боюнча) жана экспертиза жүргүзүлүп жаткан адамдын өз убагында келбегендигинен улам эксперттик изилдөөнү жылдырууга байланышкан убакыт кирбейт.

20. Стационардык соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп жаткан адамга стационардык шарттарда өтө шашылыш жана кечиктирилгис формаларда адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон мөөнөткө токтотула турушу мүмкүн.

21. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнүн үчүнчү этабы сот, судья, тергөө судьясы, тергөөчү берген суроолорго жоопторду камтыган корутундуну даярдоону камтыйт.

22. Изилдөөнү жүргүзгөн эксперт же эксперттер бир дагы эксперттик суроого жооп бере албаган учурларда, бардык эксперттик суроолорго жооп берүүнүн мүмкүн эместиги фактысын констатациялоо менен катар эксперт же эксперттер комиссиясы бул маселелердин башка шарттарда чечилиши мүмкүн экендигин да көрсөтүүгө милдеттүү.

23. Корутунду соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнүн биринчи жана экинчи этабы аяктагандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.

24. Комплекстүү соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, психологиялык-психиатриялык экспертизаларды жүргүзүүгө катышкан эксперттердин корутундусунда ар бир эксперттин кандай изилдөөлөрдү жана кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү, кандай фактыларды белгилегендиги жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлөт. Комплекстүү экспертизаны жүргүзүүгө катышкан ар бир эксперт корутундунун өзү жүргүзгөн изилдөөлөрдүн сыпаттамасын камтыган бөлүгүнө кол коет жана ал үчүн жоопкерчилик тартат.

Алынган натыйжаларды баалоого жана ушул тыянакты түзүүгө компетенттүү эксперттер тарабынан жалпы тыянак чыгарылат. Эгерде бир же бир нече эксперттер тарабынан белгиленген фактылар жалпы тыянактын негизи болуп саналса, бул корутундуда көрсөтүлүүгө тийиш. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда алардын ар бири же башкалар менен макул болбогон эксперт өзүнчө корутунду берет.

25. Корутундуга эксперт же эксперттер комиссиясы кол коет жана экспертиза жүргүзгөн уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

26. Корутунду 2 нускада түзүлөт, анын биринчиси экспертиза дайындаган органга (жакка) жөнөтүлөт, ал эми экинчиси экспертиза жүргүзгөн уюмда калат.

27. Иштин материалдары экспертиза дайындаган органга (жакка) корутунду менен кошо кайтарылып берилет.

28. Иштин материалдарын кайтарып берүүнүн башка тартиби экспертиза дайындаган органдын (жактын) суроо-талабынын жана экспертиза жүргүзгөн уюмдун жетекчисинин тиешелүү чечиминин негизинде гана болушу мүмкүн.

Амбулаториялык соттук-психиатриялык жана наркологиялык экспертиза медициналык уюмдун амбулаториялык соттук-психиатриялык жана наркологиялык экспертиза бөлүмүндө жүргүзүлөт.

Камакка алынбаган адамдар үчүн стационардык соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү медициналык уюмдун стационардык соттук-психиатриялык экспертиза бөлүмүндө жана камакка алынган адамдар үчүн стационардык соттук-психиатриялык экспертиза бөлүмүндө ишке ашырылат.