Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 556
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жашыл энергетика чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу системасын натыйжалуу ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна жүктөлгөн негизги милдеттерди аткарууну тездетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттагы "5" деген цифра "12" деген цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун башкаруу схемасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы штаттын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай тапсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун башкаруу СХЕМАСЫ
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ