7-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна)
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ТИПТҮҮ МЕТОДИКА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү методикада колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор - кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетишүү даражасын мүнөздөгөн көрсөткүч;
2) мониторинг - белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана иш жүзүндөгү аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды топтоонун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо - убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн таасиринин натыйжалуулугун жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Типтүү методиканын максаты Фонддун аткаруучу органдарына (бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө) жана Фонддордун Байкоочу кеңештерине уюмдун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого жардам көрсөтүү болуп саналат. Типтүү методика ошондой эле Фонддордун Типтүү жободо көрсөтүлгөн мониторинг жүргүзүү жана баалоо (мындан ары - МБ) боюнча талаптарды аткаруусун камсыз кылат.
3. Фонддун аткаруучу органы ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, МБнын жыйынтыгы боюнча отчетторду даярдайт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Фонддун аткаруучу органы Типтүү методиканын негизинде өзүнүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет. Фонддун аткаруу органынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг тобунун курамын бекитет. Мониторинг тобунун сунушталган курамы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун жетекчиси тарабынан дайындалуучу Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
2) Фонддун уюштуруучусунун өкүлү;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
4) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдар көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
5) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген Фонддун аткаруучу органынын өкүлү.
5. Мониторинг тобунун мүчөлөрү Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
6. Мониторинг тобунун жетекчиси мониторинг тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун чогултуу жана талдоо боюнча тапшырмаларды бөлүштүрөт.
7. Мониторинг тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын иштеп чыгат.
8. Мониторингдин планын Фонддун аткаруучу органынын жетекчиси бекитет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын формасы ушул Типтүү методиканын 1-тиркемесинде берилген.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаттары жана түрлөрү
9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты бөлүнгөн финансы каражаттарынын чегинде Фонддун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго коюлган максаттарга жетүү предметине реалдуу убакыт режиминде байкоо жана баалоо болуп саналат.
10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги максаты башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөнүндө маалымат берүү. Маалымат жетиштүү, анык, өз убагында, ишенимдүү болушу керек.
11. Мониторинг "эмне болду?" жана "баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдоосуз) ?" деген суроолорго жооп берет.
Баалоо "натыйжаларга кантип жетишилди?", "эмне үчүн четтөөлөр пайда болду?" жана "каталарды кантип оңдоого болот (кырдаалды талдоо менен)?" деген суроолорго жооп берет.
12. Типтүү жобонун талаптарына (Типтүү жобонун 7-главасы) ылайык МБнын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталды:
1) Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши;
2) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
3) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
13. МБ системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. МБ системасын даярдоонун этаптары
14. Индикатор кандайдыр бир жетишкендиктерди өлчөө каражаты катары кызмат кылат. Ал Фонддун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор максатка канчалык жеткендигине жооп берүүгө мүмкүндүк берет, башкача айтканда реалдуу натыйжаларды пландалгандар менен салыштырат.
15. МБ системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу сунушталат:
- процесстин индикаторлору планда убактысы боюнча жана аткарылуу фактысы боюнча чагылдырылган белгилүү бир иш-аракеттер кандайча аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- натыйжалардын индикаторлору иш-аракет аяктагандан кийин же анын аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- таасир этүүчү индикаторлор субъекттин ишинин же кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.
16. Ушул Типтүү методиканын алкагында сандык жана сапаттык индикаторлор да колдонулат:
- сандык индикаторлор - сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулуучу индикаторлор, мисалы: бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;
- сапаттык индикаторлор сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы: канааттануу, кабыл алуу, бир нерсеге мамиле кылуу даражасы түрүндө.
17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландык көрсөткүчтүн мааниси 100%га теңдештирилет. Индикатор иш жүзүндөгү пландык көрсөткүчкө катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталышы жана алардын пландуу маанилери бардык Фонддор үчүн бирдей болуп саналат.
18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.
1-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеги(*)