Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 257 токтомуна)
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери "Автотранспорт каражаттарынын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) тараптардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2-глава. Милдеттүү камсыздандыруу келишими
2. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздоочуну Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууга лицензиясы бар камсыздоочулардын ичинен өз алдынча тандоого укуктуу.
3. Камсыздандыруучулар камсыздандыруу ишин камсыздандыруу ортомчулары (агенттер жана брокерлер) аркылуу жүзөгө ашырууга укуктуу.
4. Камсыздандыруу агенти - камсыздоочу менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде анын атынан жана анын тапшырмасы боюнча иштеген камсыздоочунун ыйгарым укуктуу өкүлү.
5. Камсыздандыруу брокери - Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу брокердик ишти жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте тийиштүү лицензия алгандан кийин камсыздандыруучунун же камсыздоочунун тапшырмасынын негизинде өзүнүн атынан камсыздандыруу боюнча ортомчулук кылган юридикалык жак.
6. Камсыздоочу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө арыз менен кайрылган жана "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык документтерди берген жактарга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуксуз.
7. Камсыздоочу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучуну милдеттүү камсыздандыруунун шарты менен тааныштырууга, милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан анын укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрүүгө тийиш.
Камсыздандыруучу камсыздоочудан милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттүү (камсыздандыруунун шарттарын, өзүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу.
8. Тобокелдик даражасы өзгөргөн учурда (автотранспорт каражаттарынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү өзгөрүүлөр, автомобиль каражатын башкарууга уруксат берилген жактар алмашкан учурда) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде камсыздоочуга бул өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.
9. Камсыздоочу автоматташтырылган маалыматтык борборго ар бир түзүлгөн камсыздандыруу келишими жөнүндө, камсыздандыруу сыйакыларынын көлөмү жөнүндө, камсыздандыруу учурлары жөнүндө, мүлк жана ден соолук боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруу суммалары жөнүндө, камсыздандыруунун ордун толтуруу боюнча баш тартуулар жөнүндө, ар бир автотранспорт каражаты боюнча жабырлануучунун. пайда көрүүчүнүн жөнгө салынбаган доосу жөнүндө, менчик ээсинин алмашкандыгы жөнүндө, ишеним кат боюнча транспорт каражатын башкарууга укуктуу адамдар жөнүндө, болгон жол-транспорт кырсыктары жөнүндө, жол-транспорт кырсыктарынын катышуучулары жана жабырлануучулары жөнүндө маалыматтарды берет.
10. Камсыздоочу камсыздандыруучунун талабы боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими жөнүндө, жүргүзүлгөн камсыздандыруунун ордун толтуруулар жөнүндө, аталган камсыздандыруучу менен түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишиминин жарактуу мезгилинде жабыркануучудан, пайда көрүүчүдөн түшкөн арыздар жана камсыздандыруунун ордун толтуруу тууралуу жабырлануучулардын жөнгө салынбаган талаптары жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө, акысыз берүүгө милдеттүү.
11. Камсыздоочу камсыздандыруунун купуялыгын камсыздоого милдеттүү. Камсыздоочу "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан сырткары, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн натыйжасында камсыздандыруучу, автотранспорт каражатынын айдоочусу жана менчик ээси, алардын мүлкүжөнүндө алынган маалыматтарды жайылтууга укугу жок.
Камсыздоочу камсыздандыруу купуялыгын бузгандыгы үчүн укук бузуунун түрүнө жана бузуунун мүнөзүнө жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Милдетүү камсыздандыруу келишимин түзүү же ага өзгөртүү киргизүү үчүн камсыздандыруучу өзүнүн жекече маалыматын. автотранспорт каражатынын ээсинин жекече маалыматын берүүгө милдетүү. Эгерде милдеттүү камсыздандыруунун түзүлүүчү келишиминде камсыздандыруучу тарабынан автотранспорт каражатын бир нече айдоочулар башкара тургандыгы көрсөтүлсө, камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арыздагы жана "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдетүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздоочуга керектүү документтердеги маалыматтар менен кошо аталган айдоочулардын ар биринин жекече маалыматын берүүгө милдетүү.
13. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызды камсыздоочуга берет.
14. Эгерде "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишими бир жылдан ашык эмес жана 5 күндөн кем эмес мөөнөткө түзүлөт.
15. Милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисин тариздөө жана камсыздандыруучуга берүү аркылуу ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазуу, жүзүндө түзүлөт.
Милдеттүү камсыздандыруунун ишке ашырылышын күбөлөндүргөн документ болуп милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полиси эсептелет.
16. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу полисинин бланктарынын дизайнына жана сапатына карата бирдиктүү талаптарды белгилейт.
Камсыздандыруу полистеринин бланктары так отчеттук бланктарды даярдоо тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык даярдалат. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир камсыздоочуга камсыздандыруу полистеринин бланктарын номерлейт жана бекитет.
17. Камсыздоочу камсыздандыруу полистеринин бланктарын так эсепке алууга жана сактоого, ошондой эле ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык формада камсыздандыруу полистеринин бланктары боюнча ай сайын отчетторду камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
18. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөнгө чейин тобокелдик даражасын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ жана ага белгилүү болгон шарттарды өзүнүн арызында камсыздоочуга билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандыруучу камсыздоочунун жазуу жүзүндөгү сурамына жоопторду кошуп эсептегенде, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн берилген маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна жоопкерчилик тартат.
19. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздоочу милдетүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда камсыздандыруучу тарабынан берилген маалыматтардын, автоматташтырылган маалымат борборунун базасында камтылган маалыматтардын шайкештигин текшерет.
Камсыздандыруучунун берген маалыматы менен автоматташтырылган маалымат борборунун базасында камтылган маалыматтардын ортосунда дал келбестиктер аныкталган учурда милдетүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруучу тарабынан берилген маалыматтын негизинде түзүлөт.
20. Камсыздоочу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн же аталган келишимди түзүүдө берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө камсыздандыруучудан билдирүү алган учурда милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизет.
21. Милдеттүү камсыздандыруу келишимине өзгөртүүлөр камсыздандыруу полисинин "Өзгөчө белгилер" бөлүгүнө тиешелүү жазуулар менен белгиленет, мында өзгөртүүлөр киргизилген күн жана убактысы көрсөтүлөт, өзгөртүү камсыздоочунун өкүлүнүн колу жана камсыздоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана мурда берилген камсыздандыруу полисин камсыздандыруучу кайтарып берген күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде кайрадан даярдалган (жаңы) милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полиси берилет.
22. Эгерде арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүшү милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакыларынын өлчөмүнүн өзгөрүшүнө алып келсе, камсыздоочу камсыздандыруу полисине өзгөртүү киргизилген күнгө карата колдонууда болгон камсыздандыруу тарифтерине ылайык камсыздандыруу сыйакысын кайра эсептөөгө милдеттүү.
23. Камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинде автотранспорт каражатынын менчик ээси алмашкан учурда жаңы менчик ээси камсыздандыруучуга кайрылууга жана камсыздандыруу келишимин өзүнүн атына кайра тариздөөгө укуктуу. Камсыздандыруу келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Эрежелердин 21-пунктуна ылайык жүргүзүлөт. Эгерде маалыматтарды өзгөртүү милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакысынын өлчөмүнүн көбөйүшүнө алып келсе, камсыздандыруучу ушул Эрежелердин 22-пунктуна ылайык камсыздандыруу сыйакысын кайра эсептөөгө милдеттүү, мында жаңы менчик ээси камсыздандыруу сыйакысынын суммасынын айырмасын гана кошумча төлөйт. Автотранспорт каражатынын менчик ээси ал жаңы менчик ээсине кайра таризделгенден кийин жана (зарыл болгон учурда) акыркысы камсыздандыруу сыйакысын кошумча төлөгөндөн кийин алмашкан учурда камсыздандыруу келишими жарактуу болот. Милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын алмаштырууга, ошондой эле камсыздандыруу мөөнөтүн өзгөртүүгө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин узартуу анын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин мурдагы милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсыздоочу менен ушул Эрежелерде каралган тартипте жаңы мөөнөткө милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуу ишке ашырылат.
25. "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинде каралган учурларда милдеттүү камсыздандыруу келишиминин аракети токтотулду деп эсептелет.
26. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишиминин аракети токтотулганда камсыздоочудан камсыздандыруунун узактыгы, камсыздандыруу учурларынын саны жана мүнөзү, жүргүзүлгөн камсыздандыруунун ордун толтуруулар жана аталган камсыздандыруучу боюнча баш тартылган ордун толтуруулар жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Камсыздандыруучу тиешелүү жазуу жүзүндөгү кайрылууну алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу полисинин дубликатын берүүгө милдеттүү.
27. Камсыздандыруу полиси милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мезгилинде жоголгон учурда камсыздандыруучу анын дубликатын берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен камсыздоочуга кайрылууга укуктуу. Камсыздоочу тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү.