Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жоокерлеринин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жоокерлери тарабынан мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартибин аныктайт.
2. Мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн чегинде аскердик кызматты өтөп жаткан жоокерлер (мындан ары - мөөнөтүү кызматтын аскер кызматчылары) мөөнөттүү аскердик кызматта тургандар деп эсептелет.
3. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү Мыйзамга ылайык он эки айды түзөт.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү жыйноо пункттарынан кызмат өтөө жерине жиберилген күндөн баштап (аскер комиссарынын аны мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө буйругу чыккан күндөн баштап) аскердик бөлүктүн (мекеменин) өздүк курамынын (мындан ары - аскердик бөлүк) тизмесинен чыгарылган күнгө чейин саналат.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү ушул Жобонун 67-пунктунда аныкталган тартипте белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок эки айдан ашык эмес узартылышы мүмкүн.
4. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы менен аныкталган тартипте Аскердик ант берет.
2-глава. Кызмат ордуна дайындоо, которуу жана ордун алмаштыруу
5. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын кызмат орундары жана бул кызмат орундарына тийиштүү аскердик наамдар, аскердик-каттоо адистиктери жана тарифтик разряддар атайын тизмектер менен аныкталат жана штаттарда каралат. Бул кызмат орундарынын тизмектери Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилет.
6. Аскердик кызматка чакырылганга чейин коргоо спорттук-техникалык коомдун окуу уюмдарында жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында адистерди даярдоодон өткөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары алган адистиктерине ылайык штаттык кызмат орундарына дайындалат.
Аскердик бөлүктөрдүн окуу бөлүмдөрүндө даярдыктан өткөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары алган адистиктерине ылайык штаттык кызмат орундарына дайындалат.
7. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын кызмат орундарына дайындоо жана аларды ээлеген кызмат орундарынан бошотуу аскердик бөлүктүн командиринин буйруктары менен жүргүзүлөт.
8. Жоокерлердин жана сержанттардын бош кызмат орундарын ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында каралган тартипте мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары ээлейт.
Контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундарын мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары тарабынан ээлөө аларды контракт боюнча аскердик кызматка киргизбестен жана контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундары боюнча аскердик наам ыйгарбастан жүзөгө ашырылат.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары тарабынан ээлене турган контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундары Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилүүчү кызмат орундарынын тизмектери менен аныкталат.
9. Жогорку билими бар жана аскердик кызматта алты ай кызмат өтөгөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобо менен аныкталуучу тартипте контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө укуктуу.
10. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары эреже катары аскердик кызматка чакыруу учурунда алар жиберилген аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөшөт.
Бир аскердик бөлүктөн башка аскердик бөлүккө которууга жана ордун алмаштырууга кызматтык зарылчылык, ден соолугунун абалы (аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомунун негизинде) жана үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча гана жол берилет.
Аскердик кызматтан альтернативдик кызматка которуу Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
11. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын ордун алмаштыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) коргоо органында:
- аскердик бөлүктүн ичинде - аскердик бөлүктүн командиринин буйруктары менен;
- аскерлердин (күчтөрдүн) жана дивизиялардын ичиндеги аскердик бөлүктөрдүн ортосунда - аскерлердин (күчтөрдүн) тиешелүү кол башчыларынын, дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- аскерлердин (күчтөрдүн), дивизиянын кол башчылыгынын жана борбордук баш ийүүдөгү аскердик бөлүктөрдүн ортосунда - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
2) улуттук коопсуздук органында - улуттук коопсуздук органынын жетекчиси аныктаган тартипте;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу органында:
- аскердик бөлүктүн ичинде - аскердик бөлүктүн командиринин буйруктары менен;
- облустар боюнча башкармалыкка баш ийген аскердик бөлүктөрдүн ортосунда - башкармалыктардын башчыларынын буйруктары менен;
- кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин ортосунда - мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын Башкы штабынын башчысынын буйруктары менен;
4) кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү органында - кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү органынын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
5) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда - өзгөчө кырдаалдар органынын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
6) Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында - бул аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилери аныктаган тартипте;
7) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктөрүнүн ортосунда - тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, бирок жетекчинин орун басарынын деңгээлинен төмөн эмес жетекчилеринин өз ара макулдашуусу боюнча.
12. Мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөбөгөн жана аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан аскердик-окуу жайда андан ары билим алууга ден соолугунун абалы боюнча жараксыз, бирок аскердик кызматка жарактуу деп таанылган аскердик окуу жайлардын курсанттары аскердик кызматты андан ары өтөө үчүн аскердик бөлүктөргө жөнөтүлөт.
Мындай аскер кызматчыларды запаска бошотуу алар мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин ушул аскердик бөлүктүн аскер кызматчыларын запаска кезектеги бошотуу мезгилинде жүргүзүлөт.