Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-октябры № 608
"Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылган Кытай Эл Республикасынын жарандарын визалык колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-мартындагы № 113-т тескемеси менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобонун 24-пунктунун 12-пунктчасына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди аткаруу үчүн "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкана тарабынан тартылган саны 500 адам болгон Кытай Эл Республикасынын жарандары консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктун аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 79 (3633) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-октябры № 608
"Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылган Кытай Эл Республикасынын жарандарын визалык колдоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-мартындагы № 113-т тескемеси менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобонун 24-пунктунун 12-пунктчасына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди аткаруу үчүн "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкана тарабынан тартылган саны 700 адам болгон Кытай Эл Республикасынын жарандары консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.