Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 токтомуна)
2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо ПРОГРАММАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (мындан ары - Улуттук стратегия) артыкчылыктуу багыттарынын бири ар бир мүчөсү өз аймагын өнүктүрүүгө квалификациялуу түрдө катышууга жөндөмдүү болгон жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомчулукту түзүү болуп саналат. Улуттук стратегияда жергиликтүү коомчулуктун жарандары өз регионун, шаарын, айылын өнүктүрүү максатында өз демилгелерин жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү шарттарды түзүү каралган.
Шаарларда жашаган жергиликтүү коомчулуктун саны 2024-жылдын 1-январына карата 34,86%, айыл жеринде жашагандар 65,14% түздү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык учурда пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында 452 айыл аймагынан ирилештирилген 235 айыл аймагы түзүлдү, шаарлардын саны 32ден 33кө көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жергиликтүү коомчулукка жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилиги алдында чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугу жана реалдуу мүмкүнчүлүгү кепилденген. Республикада жергиликтүү коомчулуктун конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууга багытталган ченемдик укуктук база иштейт.
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомчулуктар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуусу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты жергиликтүү өз алдынча башкарууну калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-финансылык шарттарды түзүүнү жана калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү карайт. Жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды колдоого, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда финансылык муктаждыктарын камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттер жыл сайын бөлүнөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген инфраструктуралык долбоорлор каржыланат.
Дүйнөлүк практика жергиликтүү коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Бул төмөнкү себептер менен шартталган:
1) финансылык ресурстардын чектелүү шарттарында жарандар үчүн кыйла актуалдуу долбоорлорду биринчи кезекте ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. Жергиликтүү коомчулук жарандар үчүн кайсы долбоорлор кыйла артыкчылыктуу экендиги жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирет, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик чыгымдардын артыкчылыктары жөнүндө чечимдерди кабыл алууда бул маалыматты эске алат;
2) жарандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймакты өнүктүрүүнүн кыйла актуалдуу көйгөйлөрүн биргелешип чечишет, бул жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишениминин өсүшүнө жана социалдык чыңалууну азайтууга өбөлгө түзөт.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жергиликтүү коомчулуктарга финансылык жана башка колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2003-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (мындан ары - Агенттик) тарабынан жүзөгө ашырылат, анын милдеттеринин бири республиканын жергиликтүү коомчулуктарын чыңдоо болуп саналат.
Агенттик тарабынан эл аралык донордук уюмдардын финансылык колдоосу менен айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү, республиканын региондорунда жылуулук менен жабдууну жакшыртуу, агрардык секторду жана туризмди, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорлору ишке ашырылууда.
Агенттик өз ишинде жергиликтүү коомчулуктардын мүчөлөрүн социалдык мобилизациялоо инструменттери аркылуу тышкы инвестицияларды жана ички ресурстарды башкаруу процессине тартат.
Жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен активдүү катышуусуна түрткү берүү үчүн 2019-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу мамлекеттик органдын ички ведомстволук буйругу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилген.
Аталган ички ведомстволук документке ылайык жергиликтүү демилгелер деп жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселелерди чечүүгө багытталган, жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт. Бул документке ылайык жергиликтүү демилгелерди каржылоо булактары болуп жергиликтүү демилгени каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар саналат.
Бирок ишке ашырылып жаткан жергиликтүү демилгелердин саны аз, бул жергиликтүү бюджеттердин ресурстарынын тартыштыгына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаарлардын/айыл аймактардын тургундарынын жергиликтүү демилгелердин алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө маалымдуулугунун төмөндүгүнө жана потенциалынын жетишсиздигине байланыштуу.