Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги XXΙΙ (жыйырма экинчи) сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры №163/XXII-28

Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоорун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кабыл алат:

1.  Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Тиркелет: Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы

 

Төрага

Ж.Бейшекеев