Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 735-т тескемесине)
Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Учурдагы кырдаалды баалоо
Кыргыз Республикасы глобалдык деңгээлде тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык күч-аракеттерге активдүү катышууда, тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоо экосистемаларынын жана тоо жамааттарынын көйгөйлөрүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча демилгелүү иштерди жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2021-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйналышында 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө A/RES/76/129 резолюциясы кабыл алынган. Андан ары 2022-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы A/RES/77/172 резолюциясын жактырган, анда 2023-2027-жылдар "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер" деп жарыяланган.
Тоолор суунун, энергиянын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн маанилүү булагы болуп саналат. Мындан тышкары, алар пайдалуу кен байлыктар, токой ресурстары, айыл чарба азыктары жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу негизги ресурстар менен камсыз кылат. Бирок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тоолуу региондору өздөрүнүн өзгөчө географиясына байланыштуу инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн чектелүүлүгүнөн улам бир катар социалдык жана экономикалык кыйынчылыктарга дуушар болот, бул социалдык обочолонууга жана теңсиздикке алып келет.
Жаратылыш ресурстарын, айрыкча калк жашаган жана өнүгүп келе жаткан тоолуу региондордо интенсивдүү керектөө кайра жаралбаган булактардын акырындык менен түгөнүшүнө алып келет, айлана-чөйрөнү жана келечек муундарды оор кесепеттерге дуушар кылат. Ошондуктан тоолуу региондордо экологиялык туруктуулукту сактоо алардын узак мөөнөттүү өнүгүүсү жана бакубат жашоосу үчүн фундаменталдуу мааниге ээ.
2-глава. Жетишкендиктер жана кыйынчылыктар
Кыргыз Республикасы тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан демилгелердин жана уюмдардын активдүү катышуучусу болуу менен, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча глобалдык күн тартибин илгерилетүүнү жана ишке ашырууну жактайт. Ошол эле учурда, төмөнкү негизги жетишкендиктерди бөлүп көрсөтүүгө болот:
1998-жылы Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы 2002-жылды Эл аралык тоо жылы дел жарыялоо жөнүндө A/RES/53/24 резолюциясын кабыл алган, ал өз кезегинде Эл аралык тоо өнөктөштүгүн түзүүгө, 2002-жылы Бишкек глобалдык тоо саммитин өткөрүүгө алып келген, анда жыйынтыктоочу документ - Бишкек тоо платформасы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын демилгеси менен тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын төмөнкү резолюциялары кабыл алынган:
- 2001-жылдын 25-январындагы A/RES/55/189 "Эл аралык тоо жылына даярдыктын жүрүшү, 2002-жыл";
- 2003-жылдын 30-январындагы A/RES/57/245 "Эл аралык тоо жылы" 11-декабрды Эл аралык тоо күнү деп жарыялоо жөнүндө;
- 2004-жылдын 9-февралындагы A/RES/58/216 "Тоолуу региондордогу туруктуу өнүгүү";
- 2005-жылдын 24-февралындагы A/RES/59/238 "Социалдык-экономикалык жана экологиялык тармактардагы тоскоолдуктарды жеңүү үчүн жакыр тоолуу өлкөлөргө жардам берүү";
- 2006-жылдын 8-мартындагы A/RES/60/198 "Тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2008-жылдын 22-февралындагы A/RES/62/196 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2010-жылдын 11-мартындагы A/RES/64/205 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2012-жылдын 14-мартындагы A/RES/66/205 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2014-жылдын 12-февралындагы A/RES/68/217 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2016-жылдын 21-ноябрындагы A/71/463/Add.10 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү";
- 2019-жылдын 22-июлундагы А/74/209 "Азык-түлүк коромжулары жана тамак-аш калдыктары жөнүндө маалыматты жайылтуунун эл аралык күнү";
- 2021-жылдын 16-апрелиндеги A/RES/75/271 "Жаратылыш чек билбейт: трансчек аралык кызматташуу - биологиялык түрдүүлүктү сактоодогу, калыбына келтирүүдөгү жана туруктуу пайдалануудагы негизги фактор";
- 2022-жылдын 21-декабрындагы A/RES/77/172 "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү".
2019-жылы Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобу түзүлдү. Азыркы учурда анын курамына 29 өлкө: Афганистан, Андорра, Австрия, Албания, Армения, Азербайжан, Бангладеш, Бутан, Боливия, Канада, Ирландия, Италия, Грузия, Греция, Кыргызстан, Ливан, Лихтенштейн, Марокко, Непал, Никарагуа, Норвегия, Перу, Руанда, Румыния, Швейцария, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Япония кирет.
БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата иш-аракеттердин беш жылдыгын" (мындан ары - "Беш жылдык") жана экинчи Бишкек глобалдык тоо саммитин (мындан ары - "Бишкек+25") өткөрүү боюнча демилгесин колдоду, бул Республиканын тоолорду туруктуу өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүү боюнча болгон маанилүү милдеттенмесин көрсөтөт. Бул ошондой эле Кыргызстандын тоолуу мамлекеттер арасындагы негизги ролун жана бул жаатта эл аралык күчтөрдү бириктирүүгө умтулуусун баса белгилейт.
Көйгөйлөргө төмөнкү аспекттерди киргизүү керек:
- тоо боюнча күн тартибинин демилгелерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн туруктуу институттук базанын жоктугу;
- мамлекеттин өнүгүү багыттарын жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктарын аныктаган бирдиктүү стратегиялык документтин жоктугу;
- демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн начар кадрдык потенциал жана илимий-изилдөө базасынын жетишсиздиги;
- тиешелүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджет тарабынан каржылоонун жетишсиздиги.