Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2023-жылдын 10-январы № 127-28

 

КР ИИМнин видеобайкоосун орнотуу үчүн жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө

 

Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары ИИМдин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 4539 коопсуз айыл долбоору боюнча:

1. Аламүдүн айылынын ГЭС-3 жана Суворов көчөлөрүнүн кесилишине;

2. Аламүдүн айылынын Алма-Ата жана ГЭС-2 Чугуев көчөлөрүнүн кесилишине

видеокамера орнотуу жөнүндө сунушун карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Коопсуз айыл долбоору боюнча видеокамера орнотуу үчүн 3м2 (үч кв.м.) эки жер аянтын камералар үчүн тирөөч түркүктөрдү орнотууга өткөрүп берүү жактырылсын:

- Аламүдүн айылынын ГЭС-3 жана Суворов көчөлөрүнүн кесилишине;

- Аламүдүн айылынын Алма-Ата жана ГЭС-2 Чугуев көчөлөрүнүн кесилишине.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.П. Филимоненко