Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)
Ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана ойлоп табууга патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, тариздөө жана кароо боюнча жол-жоболорду аныктайт.
2. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) менен иш жүргүзүү - ойлоп табууга өтүнмө, өтүнүч кат берүү, өтүнмө боюнча кат алышуу, ошондой эле укук алуу жана башкаруу боюнча мыйзам менен каралган иш-аракеттерди аткаруу;
2) мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларынын мамлекеттик реестри;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;
4) ЭПК - Ойлоп табуулардын эл аралык патенттик классификациясы. Кыргыз Республикасы 1971-жылдын 24-мартындагы Эл аралык патент классификациясы жөнүндө Страсбург макулдашуусуна "Кыргыз Республикасынын эл аралык патент классификациясы жөнүндө Страсбург макулдашуусуна кошулуусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган.
Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу башка түшүнүктөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде аныкталган маанисинде колдонулат.
3. Ойлоп табуу катары продуктуга (түзүлүш, зат, микроорганизмдин штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткалары) же ыкмага (материалдык каражаттардын жардамы менен материалдык объектке иш-аракеттерди жүргүзүү процессине), анын ичинде продуктуну же ыкманы жаңы багыты боюнча колдонууга тиешелүү кандай жааттагы болбосун техникалык чечим корголот.
4. Ойлоп табуунун объекттери:
1) ойлоп табуунун объекттери катарында түзүлүштөргө конструкциялар жапа буюмдар кирет;
2) ойлоп табуунун объекттери катарында ыкмаларга материалдык объекттердин жардамы менен материалдык объекттердин үстүнөн иш-аракеттерди аткаруу процесстери кирет;
3) ойлоп табуунун объекттери катарында заттарга төмөнкүлөр кирет:
- жеке химиялык кошулмалар, аларга ошондой эле шарттуу түрдө жогору молекулалуу кошулмалар жана гендик инженериянын объекттери кирет;
- композициялар (курамдар, аралашмалар);
- ядролук айлануу продуктулары;
4) ойлоп табуунун объекттери катарында микроорганизм штаммдарына, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларына төмөнкүлөр кирет:
- микроорганизмдин жеке штаммдары, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткалары;
- микроорганизмдердин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өстүрүлгөн клеткаларынын консорциумдары;
5) жаңы арналышы боюнча мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды пайдаланууга ойлоп табуунун объекти катарында башка арналышына ылайык аларды пайдалануу кирет;
6) жаңы арналышы боюнча пайдаланууга коомдук керектөөнү канааттандыруу үчүн белгилүү болгон заттардын (табигый жана жасалма жолу менен алынган) биринчи жолу пайдаланылышы теңештирилет.
5. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 9-бөлүгүндө аныкталган объекттер ойлоп табуулар деп таанылбайт.
Ойлоп табуунун курамымда эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдердин жана программалардын болушу, эгерде булар ойлоп табуунун бир бөлүгү болуп саналса, ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт.
6. Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө (мындан ары - ойлоп табууга өтүнмө) бир ойлоп табууга же бирдиктүү ойлоп табуучулук ой-пикирди билдирген (ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талабы), өз ара байланышкан ойлоп табуулардын тобуна тиешелүү болушу керек.
Ойлоп табуунун бирдиктүүлүгү сакталган болуп таанылат, эгерде:
1) бир көз карандысыз пункту болгон ойлоп табуунун формуласында бир ойлоп табуу мүнөздөлгөн болсо;
2) ойлоп табуунун формуласында бир нече көз карандысыз пунктунда ойлоп табуулардын тобу мүнөздөлгөн болсо:
- алардын бири башкасын алуу (жасап чыгаруу) үчүн арналган (мисалы, түзүлүш же зат жана түзүлүштү же затты бүтүндөй же алардын бөлүгүн алуунун (жасап чыгаруунун) ыкмасы);
- алардын бири башкасын ишке ашырууга арналган (мисалы, бүтүндөй же анын аракеттеринин биринин ыкмасын ишке ашыруу үчүн ыкма жана түзүлүш);
- алардын бири башкасын (башкасында) пайдалануу үчүн арналган (мисалы, ыкмада пайдалануу үчүн арналган ыкма жана зат; ыкма же түзүлүш жана анын бөлүгү; жаңы арналышы боюнча түзүлүштү же затты колдонуу жана ушул арналышына ылайык аларды пайдалануу менен ыкма; жаңы арналышы боюнча түзүлүштү же затты колдонуу жана алардын курамдык бөлүгү болуп алар эсептелинген түзүлүш же композиция);
- бир эле техникалык натыйжа алууну камсыз кылуучу бирдей арналыштагы, бир түрдүн объекттерине киргендер (варианттар).