Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ сессиясы

(VI чакырылыш)

2023-жылдын 25-декабры № 1

Раззаков шаарынын 2024-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын 2024-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Раззаков шаарынын 2024-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Өнүгүү планы тиркелет)

 

2.  Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Б.Айтемиров