Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 токтомуна) |
Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 359, 2025-жылдын 18-июлундагы № 430, 2025-жылдын 5-сентябры № 562 , 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине (мындан ары - кызматкерлер) жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин кызматтык турак жайды колдонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча бирдиктүү укуктук негиздерди, ошондой эле ээлеген турак жайды менчиктештирүү укугун ишке ашыруу жана кызматтык турак жайдан чыгаруу маселесин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги терминдер:
1) башка маанилүү жагдайлар - пенсияга укук берүүчү кызмат өтөгөн жылдары боюнча запаска бошотуу, ошондой эле судьянын кызмат ордуна же Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү же болбосо мамлекеттик органдарына шайлоо же дайындоо менен шартталган жагдайлар;
2) ведомстволук турак жай фонду - мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик турак жай фондунун турак жайларынын жыйындысы, анын ичинде:
- бюджеттик каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен курулган же Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдын карамагына берилген;
- Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык жеке жана юридикалык жактардан сатып алынган;
- турак жай катары пайдалануу үчүн жарактуу кайра жабдылган имараттар жана курулмалар;
3) кызмат өтөгөн жылдары - офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарында кызматта турган жетекчилик жана катардагы курамдагы адамдардын аскердик кызмат өтөө мөөнөттөрүнүн жыйындысы;
4) турак жай (тиричилик) комиссиясы - аскер кызматчыларын/кызматкерлерди, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кызматтан бошотулган адамдарды турак жайлар менен камсыз кылуу үчүн эсепке алууну жүргүзүү, аларды эсептен чыгаруу, кезектүүлүктү түзүү жана турак жайларды бөлүштүрүү маселелерин, ошондой эле мамлекеттик органдын, анын аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ведомстволук турак жай фондун пайдалануу маселелерин объективдүү, калыс жана ар тараптуу кароо максатында түзүлүүчү, туруктуу иштеген кеңешүүчү орган;
5) аскер бөлүгүнүн (мекеменин) турак жай фонду - мамлекеттик органдын аскер бөлүгүнүн (мекемесинин) аймагында жайгашкан жана аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин, ошол аскер бөлүгүнүн (мекеменин) жумушчуларынын жана кызматчыларынын жашоосу үчүн багытталган ведомстволук турак жай фондунун курамдык бөлүгү;
6) туруктуу турак жай - ведомстволук турак жай фондунун, ошондой эле мамлекеттик турак жай фондунан (ведомстволук турак жай фондуна тиешелүү болбогон), муниципалдык турак жай фондунан бөлүнгөн, эмерек жана телефон байланышы менен камсыздалган, тизмеги мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу айрым кызмат адамдарынын кызматы боюнча милдеттерин аткаруу мезгилинде кирип жашоосу үчүн багытталган өзүнчө бирдик (жеке үй, көп кабаттуу үйдөгү батир, жатаканадагы/мейманкана тибиндеги үйдөгү бөлмө);
7) үй-бүлө мүчөлөрү - никеде турган жубайлар жана бирге жашаган жашы жете элек балдары, ошондой эле аскер кызматчыларынын/кызматкердин бирге жашаган жашы жеткен балдары, алардын менчигинде турак жай жок болгон учурда.
3. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерге берилген кызматтык турак жайларды (жабык аскер шаарчаларында жана жатакана/мейманкана тибиндеги үйлөрдө жайгашкан турак жайларды, туруктуу турак жайларды кошпогондо) менчиктештирүүгө жол берилет.
Мурда республиканын аймагында ведомстволук/муниципалдык турак жай фондунан башка турак жай же болбосо ээлеп турган кызматтык турак жай жайгашкан калктуу конуштун аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер участогу менчикке берилген адамдарга (анын ичинде жубайына) ээлеген кызматтык турак жайларын менчиктештирүүгө жол берилбейт.
Жеке турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу белгиленген тартипте мамлекеттик же муниципалдык менчикке акысыз кайтарылып берилген учурлар аталган шарттарга кирбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)