Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/13
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Беловодск айылдык кеңешинин «19» январь 2024ж токтому менен бекитилген |
Беловодск айыл аймагында “Тиешелүү
аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу,
ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды
тартуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке
ашыруу тартиби жөнүндө
№ 1 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Беловодск айыл аймагында “Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги ган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;