Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 264 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
|
|
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 токтомуна) |
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты коргоо максатында колдонулуучу маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жол-жобосун уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук боюнча талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
2-глава. Негизги терминдер
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн колдонулуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:
маалыматты коргоо каражаттары (мындан ары - МКК) - маалыматты, алар ишке ашырылган каражаттарды коргоо үчүн багытталган техникалык, криптографиялык, программалык жана башка каражаттар, ошондой эле маалыматты коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары;
МККны сертификациялоо (мындан ары - сертификациялоо) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоо боюнча улуттук стандарттардын же башка ченемдик документтердин талаптарына алардын шайкештигин ырастоо боюнча иш;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
макулдашуучу органдар - Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү, Кыргыз Республикасын санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
даярдоочу - жеке ишкер катары катталган, өзүнүн атынан МККны өндүрүүнү жана сатууну ишке ашырган жана анын коопсуздук боюнча талаптарга шайкештиги үчүн жооптуу юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу;
даярдоочу ыйгарым укук берген адам - жеке ишкер катары катталган, чет өлкөлүк даярдоочу менен келишимдин негизинде ошол даярдоочунун атынан Кыргыз Республикасынын аймагында МККнын шайкештигин баалоодо жана чыгарууда иш алып барган, ошондой эле МККнын коопсуздук боюнча талаптарга ылайык келбегендиги үчүн жоопкерчилик тарткан юридикалык же жеке жак;
коопсуздук боюнча талаптар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү улуттук стандарттарда же башка ченемдик укуктук актыларда баяндалган МККны техникалык жөнгө салуу жаатындагы милдеттүү талаптар;
коопсуздук боюнча тапшырма - сертификациялануучу МКК үчүн коопсуздук боюнча талаптарды камтыган документ;
сыноо - МККнын касиеттеринин мүнөздөмөлөрүнүн улуттук жана (же) эл аралык ченемдик-техникалык документтерге шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү МККны сыноо/өлчөө;
формуляр (паспорт) - даярдоочунун кепилдигин, буюмдун негизги параметрлеринин жана касиеттеринин маанисин күбөлөндүрүүчү маалыматтарды камтыган документ.
3-глава. Негизги максаттар жана сертификацияланууга тийиш каражаттар
4. МККны сертификациялоо системасынын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- маалыматташтыруу чөйрөсүндө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
- коопсуздук боюнча талаптарды эске алуу менен маалыматташтыруу чөйрөсүндө бирдиктүү илимий-техникалык жана өнөр жай саясатын түзүү жана ишке ашыруу;
- корголгон маалыматтык технологиялар жана аларды камсыздоо каражаттары рыногун түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- МККны иштеп чыгууну, ошондой эле андан ары өндүрүүнү жөнгө салуу жана контролдоо;
- керектөөчүлөргө МККны компетенттүү тандоого көмөк көрсөтүү;
- керектөөчүнү даярдоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) ак ниетсиздигинен коргоо.
5. Төмөнкүлөр сертификацияланууга тийиш:
- маалыматты техникалык коргоо каражаттары, анын ичинде алар ишке ашырылган каражаттар, ошондой эле маалыматты техникалык коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары;
- маалыматтык технологиялардын коопсуздугун камсыздоо каражаттары, анын ичинде маалыматты иштеп чыгуунун корголгон каражаттары.
Мамлекеттик сырларды түзбөгөн маалыматты коргоо үчүн багытталган криптографиялык (шифрлөө) каражаттар төмөнкүлөр менен бекитилген криптографиялык алгоритмдердин негизинде аткарылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган улуттук жана эл аралык стандарттар;
- жана Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка актылар.
6. Мамлекеттик сырларды коргоо үчүн багытталган МККлар ушул Жобону эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.
7. Мамлекеттик эмес сырларды коргоо үчүн багытталган МККлар КМС ИСО/МЭК 15408-3:2024 4-ишеним деңгээлине сертификациялоодон өтүүгө тийиш.