Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш VIII - сессия
2017-жылдын 9-июну № 16 / VII – VIII - 3
Орто айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жер участкасын ачык тоорукка коюу жөнүндө
Орто айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июнундагы кайрылуу катын карап, Панфилов райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2016-жылдын 20-май айында берилген Орто айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес №526 контурда жайгашкан 2000,0 кв.метр жер участогуна мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө №025891 мамлекеттик актынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Орто айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес №526 контурдагы жайгашкан 2000,0 кв.метр жер участогу ачык тоорукка коюлсун.
2. Орто айыл өкмөтү ачык тоорукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т.Байбосунов |