Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль
жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын
жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген
ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн
жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана
өлчөөдө жыйымдарды алуу
ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707, 2013-жылдын 5-августундагы № 448, 2014-жылдын 5-августундагы № 449, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Терминдер жана аныктамалар:
транспорттук каражат - жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү же аларга орнотулган жабдууларды автомобиль жолдору менен ташуу үчүн арналган түзүлүш;
транспорт каражаттарын салмак-габариттик контролдоо - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорт каражатын өткөрүү жана жүрүүсү үчүн анын максималдуу салмак-габариттик параметрлерин аныктоо үчүн транспорт каражатын таразалоо жана өлчөө аркылуу жүргүзүлүүчү транспорттук контролдоонун стационардык пункттарында же транспорттук контролдоонун мобилдик топтору тарабынан жүзөгө ашырылуучу транспорттук контролдун бир түрү;
тартуучу ок - айлануу учурун өткөрүп берүүчү жана дөңгөлөктөр менен илмектин ортосундагы аракеттенүүчү күчтөрдүн бардык түрлөрүн кабыл алуучу ок;
жылма ок (лентяйка) - транспорт каражатын эксплуатациялоонун кадимки шарттары убагында окту түшүрүүчү түзүлүштүн жардамы менен таяныч бетинен өйдө көтөрүлө турган ок;
транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу жалпы массасы - жабдуулары, жүргүнчүлөрү жана жүгү бар же жүгү жок транспорт каражатынын автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген массасы;
окко (октордун тобуна) туура келүүчү уруксат берилген максималдуу масса - ок (октордун тобу) аркылуу автомобиль жолунун кыртышына өткөрүп берилүүчү, автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген масса;
ок - айлануу учурун өткөрүп бербөөчү, дөңгөлөктүү машинанын айлануучу тетиктер кармалып туруучу агрегаты;
бир курамдуу ок - эки тарабында бирден болгон эки дөңгөлөктүү агрегат;
эки курамдуу ок - эки тарабында экиден болгон төрт дөңгөлөктүү агрегат;
айкалышкан транспорт каражаты - прицепке же жарым прицепке туташтырылган автомобилден турган транспорт каражаттарынын айкалышы;
жапыс платформалуу жарым прицеп (трал) - габариттүү эмес жүктөрдү (атайын курулуш техникасын, курулмалардын бөлүктөрүн, металл конструкцияларды жана стандарттуу эмес жана оор салмактагы жүктөрдүн айрым түрлөрүн) ташууга арналган транспорт каражаты;
жарым прицеп-цистерна - ар кандай суюктуктарды ташуу үчүн таяныч-чынжырлуу түзүлүшкө ээ жүк ташуучу автомобилдин жардамы менен сүйрөтүлүүчү, өзү жүрбөгөн адистештирилген транспорт каражаты;
ири көлөмдүү транспорттук каражат - жүгү менен же жүксүз турганда бийиктиги, туурасы жана узундугу боюнча жол берилген ченемдерден ашык болгон транспорттук каражат;