Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)
Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө түзүү, тариздөө жана кароо боюнча жол-жоболорду аныктайт.
2. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) менен иш жүргүзүү - өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө, өтүнүч кат берүү, өтүнмө боюнча кат алышууну жүргүзүү, ошондой эле укуктарга ээ болуу жана башкаруу боюнча мыйзам менен каралган иш-аракеттерди аткаруу;
2) Мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестри;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;
4) ӨҮЭК - Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык классификациялоону уюштуруу жөнүндө Локарно макулдашуусуна ылайык Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясы.
Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу башка түшүнүктөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде аныкталган маанилерде колдонулат.
3. Өнөр жай үлгүсү катары өнөр жай же кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн буюмдарынын сырткы түрлөрүнүн чечими корголот.
Буюм катары өнөр жай же кол өнөрчүлүк өндүрүпгүнүн ар кандай буюмдары, тактап айтканда таңгак, этикетка, курамдык буюм, буюмдун топтому (комплект), шрифт, ошондой эле буюмдун өз алдынча бөлүгү түшүнүлөт.
Өнөр жай үлгүсүнө эгерде өзүнүн маанилүү белгилери боюнча ал жаңы жана оригиналдуу болуп саналса, укуктук коргоо берилет.
Өнөр жай үлгүсүнүн олуттуу белгилерине буюмдун сырткы түрүнүн эстетикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу белгилери, тактап айтканда формасы, конфигурациясы, орнаменти, буюмдун түстөрүнүн, сызыктарынын, контурларынын айкалышы, буюмдун материалынын текстурасы же фактурасы кирет.
Буюмдун өзгөчө техникалык функциясы менен шартталган белгилер өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери болуп саналбайт.
Өнөр жай үлгүлөрү көлөмдүү, тегиз болушу же алардын айкалышын түзүшү мүмкүн.
Көлөмдүү өнөр жай үлгүлөрү көлөмдүү-мейкиндиктүү түзүм негиз болгон композицияны билдирет, мисалы станоктун, айыл чарба машинасынын, мотоциклдин, асма кайык моторунун ж.б. сырткы көрүнүшүн аныктоочу көркөм-конструктордук чечимдер.
Тегиз өнөр жай үлгүлөрү элементтердин сызыктуу-графикалык катышы менен мүнөздөлөт жана иш жүзүндө көлөмгө ээ эмес, мисалы килемдин, жоолуктун, кездеменин ж.б. сырткы көрүнүшүн аныктоочу көркөм-конструктордук чечимдер.
4. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүндө аныкталган объекттер өнөр жай үлгүлөрү деп таанылбайт.
Билдирилген чечим менен кызыкчылыктары козголгон тиешелүү мамлекеттик орган же эл аралык уюм менен макулдашылган болсо, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер өнөр жай үлгүсүнө корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.
Өнөр жай үлгүлөрү катары "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдерге укуктук коргоо берүү көрсөтүлгөн объекттердин укук ээлеринин макулдугу менен жол берилет.
5. Өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүгүнө талап.
Өтүнмө бир же бир нече өнөр жай үлгүсүнө, бирок ӨҮЭК бир классына кирген жүздөн ашык эмес өнөр жай үлгүсүнө тиешелүү болушу мүмкүн.
Эгерде өнөр жай үлгүсү орнаментти билдирсе, ал ӨҮЭК башка класстарына кирген өнөр жай үлгүлөрү менен бир өтүнмөгө киргизилиши мүмкүн.
Бир өнөр жай үлгүсү деп жалгыз буюм сыяктуу эле жалпы багытка ээ (мисалы эмерек гарнитуру, сервиз ж.б.) буюмдардын комплекти (топтому) да көркөм-конструктордук чечим деп түшүнүлөт.
Жалгыз буюм деп бүтүн буюм сыяктуу эле (мисалы автомобиль), анын бөлүгү болуп саналган буюм дагы (мисалы бампер, фара) түшүнүлөт.
Өнөр жай үлгүлөрүнүн тобу (мындан ары - варианттар) деп буюмдун бирдей эстетикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу маанилүү белгилердин жыйындысы боюнча айырмаланган бир эле буюмдун (комплект, топтом) көркөм-конструктордук чечимдери түшүнүлөт.
2-глава. Мөөнөттөрдү эсептөө
6. Юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө эрежелерине ылайык эсептелет.
Демек белгилүү убакыт мезгили менен аныкталган мөөнөт башталышы аныкталган календардык дата же окуя болгондон кийинки күндөн башталат.
Жылдар менен эсептелген мөөнөт, мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт.
Айлар менен эсептелген мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө бүтөт.
Жарым айга эсептелген мөөнөт күндөр менен эсептелген мөөнөт катары каралат жана он беш күнгө барабар болуп эсептелет.
Эгерде айлар менен эсептелген мөөнөттүн бүтүшү тиешелүү күнү жок болгон айга туш келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.
Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туш келсе, мөөнөттүн акыркы күнү болуп андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.
Мөөнөт кандайдыр бир иш-аракетти жасоо үчүн белгиленсе, ал мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төртүнчү саатына чейин аткарылышы мүмкүн.
Бирок эгерде бул иш-аракет уюмда аткарылышы керек болсо, анда мөөнөт бул уюмда белгиленген эреже боюнча тиешелүү операциялар токтогон саатта бүтөт.
Мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төртүнчү саатына чейин почтага жана телеграфка тапшырылган жазуу жүзүндөгү арыздар жана билдирүүлөр мөөнөтүндө аткарылган болуп эсептелет.
7. Кыргызпатент тарабынан юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган учурларда токтотулуп турат.
8. Калыбына келтирилген мөөнөттөрдү эсептөө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
9. Кыргызпатенттин кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө жөнөтүлөт.
Кыргызпатент жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык талаптагыдай жеткирилди деп саналат.