Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна)
Пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, берүү жана кароо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана пайдалуу моделге патент алуу үчүн өтүнмө түзүү, тариздөө жана кароо боюнча жол-жоболорду аныктайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) менен иш жүргүзүү - пайдалуу моделге өтүнмө, өтүнүч кат берүү, өтүнмө боюнча кат алышуу, ошондой эле укуктарга ээ болуу жана тескөө боюнча мыйзамда каралган иш-аракеттерди аткаруу;
2) мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделдеринин мамлекеттик реестри;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;
4) ЭПК - Ойлоп табуулардын эл аралык патенттик классификациясы. Кыргыз Республикасы 1971-жылдын 24-мартындагы Эл аралык патент классификациясы жөнүндө Страсбург макулдашуусуна "Кыргыз Республикасынын эл аралык патент классификациясы жөнүндө Страсбург макулдашуусуна кошулуусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган.
Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу башка түшүнүктөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде аныкталган маанилерде колдонулат.
3. Пайдалуу модель катары түзүлүшкө кирген техникалык чечим корголот.
Төмөнкүлөр пайдалуу модель катары корголбойт:
- ачылыштар;
- илимий теориялар жана математикалык методдор;
- чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору;
- шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
- ой жүгүртүү операцияларын аткаруунун, оюндарды өткөрүүнүн эрежелери жана методдору;
- алгоритмдердин жана эсептөөчү машиналар үчүн программалардын өзүлөрү;
- маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландоонун долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык керектөөлөрдү канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукумдары;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер;
- ыкмалар, буюмдар, микроорганизмдердин штаммдары, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларын өстүрүү, аларды жаңы багытта колдонуу.
Пайдалуу моделдин курамында алгоритмдердин жана эсептөөчү машиналар үчүн программалардын болушу, эгерде алар пайдалуу моделдин бир бөлүгү болуп саналса, пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт.
4. Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - пайдалуу моделге өтүнмө) бир пайдалуу моделге же алар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду пайда кылгандай (пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабы) бири-бирине өз ара байланышкан пайдалуу моделдердин тобуна таандык болууга тийиш.
Пайдалуу моделдердин бирдиктүүлүгү сакталды деп таанылат, эгерде:
1) бир көз карандысыз пункту бар пайдалуу моделдин формуласында бир пайдалуу модель мүнөздөлсө;
2) бир нече көз карандысыз пункту бар пайдалуу моделдин формуласында пайдалуу моделдердин тобу мүнөздөлсө;
- алардын бири башкасын жасоо үчүн багытталса (мисалы, түзүлүш жана аны жасоо үчүн түзүлүш);
- алардын бири башканы же башкада пайдалануу үчүн багытталса (мисалы, түзүлүш жана анын курамдык бөлүгү);
- ал бир эле ошол техникалык натыйжаны алууну камсыз кылуучу бирдей багыттагы бир түрдөгү объектке кирсе (варианттары).
2-глава. Мөөнөттөрдү эсептөө
5. Юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөөнүн эрежелерине ылайык эсептелет.
Алсак, убакыт мезгили менен аныкталган мөөнөттүн өтүшү календардык датадан кийин же анын башталышы аныкталган окуя болгондон кийинки күнү башталат.
Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тийиштүү айында жана күнүндө бүтөт.
Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тийиштүү күнүндө бүтөт.
Жарым айга белгиленген мөөнөт күн менен эсептелген мөөнөт катары каралат жана он беш күнгө барабар катары эсептелет.
Эгерде айлар менен эсептелген мөөнөттүн аякташы тиешелүү күн жок болгон айга туш келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнү бүтөт.
Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келсе, мөөнөттүн акыркы күнү деп андан кийинки жакынкы жумуш күнү эсептелет.
Мөөнөт кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоо үчүн белгиленген, ал мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төртүнчү саатына чейин аткарылышы мүмкүн.
Бирок эгерде бул иш-аракет уюмда жасалышы керек болсо, анда мөөнөт бул уюмда белгиленген эрежелер боюнча тиешелүү операциялар токтогон саатта бүтөт.
Мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төртүнчү саатына чейин почта же телеграф аркылуу тапшырылган жазуу жүзүндөгү арыздар жана билдирүүлөр мөөнөтүндө жасалды деп эсептелет.
6. Кыргызпатент тарабынан "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо мөөнөттөрү "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган учурларда токтотулуп турат.
7. Калыбына келтирилген мөөнөттөрдү эсептөө "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
8. Кыргызпатенттин кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, патент ээсине, башка кызыкдар жакка "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө жөнөтүлөт.
9. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатент жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим тиешелүү түрдө жеткирилди деп эсептелет.