Сравнение редакций…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтомуна)
Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын уюштуруунун максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана өнүктүрүү багыттарын чагылдырган негизги документ болуп саналат.
Концепция Кыргыз Республикасынын Конституциясына (46-берене), "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, ошондой эле 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасына жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык иштелип чыккан.
Азыркы учурда дүйнөлүк коомчулуктун жана ар бир өлкөнүн турмушунун экономикалык, социалдык, саясий, маданий чөйрөлөрүндө өсүп келе жаткан муундун социалдашуусун жакшыртууну талап кылган маанилүү түзүмдүк жана мазмундуу өзгөрүүлөр болуп жатат.
Мектеп - мамлекеттин коомдук түзүлүшүнүн фундаменталдуу негиздери, анын социалдык-экономикалык жана саясий түзүлүшү, коомдук турмуштун жана ар бир жарандын жашоосунун мүнөзү жана басымдуу багыты менен органикалык түрдө байланышкан эң ири социалдык институт. Мектеп менен коом бири-бирине өз ара таасир берет.
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн мисалында көрүнүп тургандай, XXI кылымда экономикалык потенциал жаратылыш ресурстарынын болушуна же жоктугуна эмес, адам капиталын өнүктүрүү деңгээлине көз каранды. Ал биринчи кезекте сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү жана анын жеткиликтүүлүгү менен аныкталат.
Бүткүл дүйнө жүзү билим берүүнүн жаңы моделин/моделдерин издөөдө. Ошол эле учурда билим берүү экономикалык тартипти индустриялаштыруу башталгандан бери концептуалдык жактан жаңыланган жок.
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн жаңы түзүмүнүн калыптанышынын жана мазмунун жаңылоонун контексти болуп бир катар глобалдык тренддер саналат:
- глобалдык технологиялык өзгөрүүлөр өнөр жай, экономика жана коомдогу өзгөрүүлөрдүн тездешин шарттайт. Глобалдык рыноктордун жана башкаруу системаларынын татаалдыгынын өсүшү жана жаңы тармактарды, кластерлерди, иштин жана кооперациянын башка формаларын түзүүнүн эсебинен улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жаңы булактарын издөө жүрүп жатат;
- эмгек рыногу динамикалуу түрдө трансформацияланууда. Өндүрүштө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө салттуу кесиптердин 70%га чейини жасалма интеллект, роботтор, автоматташтырылган логистикалык системалар ж.б. киргизилгендигине байланыштуу 2035-жылга карата алмаштырылышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө түшүнүк калыптана элек билимди жана көндүмдөрдү талап кылган жаңы кесиптер пайда болот. Бул өмүр бою билим алууну калыптандыруу зарылдыгын жаратат, анын түзүүчүсү болуп мектеп жана ошондой эле кошумча билим берүү түзүмдөрү да саналат;
- санариптик инструменттердин өнүгүшү, маалыматка жана билим берүү ресурстарына кеңири жеткиликтүүлүк жаңы муундардын социалдык-маданий, когнитивдик, психологиялык жөндөмдөрүнө таасирин тийгизет. Мектеп билим берүү монополиясын жоготуп бара жатат, анын натыйжасында коомдун билим берүү системасына болгон жаңы күтүүлөрү пайда болууда;
- билим берүү жана эмгек мобилдүүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү окуучулардын маданий жана тилдик адаптациялоо, жаңы чөйрөдө жемиштүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде (мисалы, Билим берүүнүн эл аралык стандарттык классификациясынын (мындан ары - БЭСК) негизинде) адамдын билиминин натыйжаларын жана квалификациясын салыштырууну камсыз кылуу зарылдыгын шарттайт;
- климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү, технологиялык, финансылык жана экологиялык стандарттардын кысымы менен байланышкан адамзат үчүн маанилүү факторлорду актуалдаштыруу билим берүүдө жаңы жүрүм-турум стратегияларын чагылдырууну талап кылат.
Ушундай шарттарда жалпы билим берүү уюмун жаңылоо орто жалпы билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн зарыл болот, бул 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын улуттук өнүктүрүү стратегиясында: "Дүйнөдөгү жана региондогу татаал жана тез өзгөрүп турган экономикалык жана геосаясий кырдаал, коомдук жашоонун негизги чөйрөлөрүн жана глобалдуу экономиканын секторлорун камтыган санариптик трансформация, Жердин экосистемасына адамзаттын таасир тийгизүүсүнүн өсүшү, анын айынан глобалдык климаттын жана демографиянын өзгөрүүсү өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы моделин түзүүнү талап кылат" деп белгиленген.
Бул моделдин маанилүү бөлүгү болуп сапаттуу билим берүү саналат, ал гармониялуу инсанды тарбиялоону, ар бир адамдын потенциалын ачууну, практикада колдонула турган билимди жана компетенттүүлүктү калыптандырууну камсыз кылышы керек.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 298 токтомунун редакциясына ылайык)