Сравнение редакций…
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын (мындан ары - Катчылык) ишинин укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишин уюштуруу принциптерин аныктайт.
2. Катчылык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) ишин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Катчылык белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана эмблемага ээ.
3. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Катчылык өз ишин Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, ошондой эле Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жана башка органдар менен тыгыз өз ара аракеттенип жүргүзөт.
Жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө Катчылык ошондой эле коомдук бирикмелер, жарандык коомдун башка институттары жана жарандар менен өз ара аракеттенет.