Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты), Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн негизги милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик башкаруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле мамлекеттик кызматты жана кадр ишин бүтүндөй өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу;
2) жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу:
3) республиканын региондорундагы социалдык-экономикалык абалды, коомдук-саясий кырдаалды иликтөө, жалпылоо жана кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына өз убагында жеткирүү;
4) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын буйруктарын жана тапшырмаларын аткарууну камсыз кылуу.
5. Бөлүм алдына коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик башкаруунун сапатына мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына тийиштүү сунуштарды киргизет;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен негизги иш-чаралардын ар айлык жана ар жумалык планын түзөт;
3) өлкөдөгү мамлекеттик кызматтын жана кадр саясатынын абалын, Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин кесиптик компетенттигинин деңгээлин талдайт;
4) кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотууда материалдарды тариздейт, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган жана макулдашылган кызмат адамдарынын мамлекеттик кызмат өтөшү менен байланышкан башка маселелерди чечет, алардын өздүк иштерин жүргүзөт;
5) Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат, алардын этикалык ченемдерди сактоолору боюнча иш жүргүзөт;
6) жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү жана аларды таркатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин учурдагы ишин камсыздоону, анын ичинде бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча анын келечектеги жана учурдагы иш пландарын даярдоону уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорго баруулары боюнча даярдоо иштерин жүргүзөт;
9) жергиликтүү жамааттардын ролун жана ишмердигин талдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуштарды киргизет;
10) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун коомчулук, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен күтүлгөн уюмдар жана мекемелер менен кызматташгыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн абалын талдайт;
11) өлкөнүн региондорундагы иштин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин маалымат менен камсыз кылат;
12) өлкөнүн региондорундагы учурдагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин маалымат менен камсыз кылат;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдери менен тапшырмаларынын сапаттуу аткарылышын контролдойт;
14) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен жетекчи курамды жана жооптуу кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө окутууну, стажировкадан өткөрүүнү уюштуруу маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
15) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенет;
16) мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадр ишинин тажрыйбаларын иликтейт, аларга иштиктүү жана усулдук жардам көрсөтөт.