Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери жана Аппараты, сот органдары жана прокуратура органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (мындан ары - Адвокатура), ошондой эле анын карамагына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сот системасынын органдарына жана прокуратурага карата Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин камсыз кылуу;
2) мыйзамдуулукту чыңдоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик органдар жана жарандык коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
3) сот системасын реформалоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик органдар жана жарандык коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга катышуу;
4) мыйзамдуулук жана сот адилеттиги системасын өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык-талдоо жана эксперттик-божомолдоо жагынан камсыз кылуу;
5) сот органдарында жана прокуратура органдарында мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышуу.
5. Бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бөлүм төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) белгиленген тартипте сунуштарды даярдайт, мыйзамдуулукту сактоо жана сот адилеттигин камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын Президентинин саясатын иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча уюштуруу-практикалык чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
2) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдайт;
3) мыйзамдуулукту чыңдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет;
4) сот системасын реформалоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет;
5) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоого катышат;
6) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк практиканы жана тажрыйбаны иликтейт;
7) прокуратура кызматкерлерине, судьяларга, соттордун аппараттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин (мындан ары - Сот департаменти), Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерине (мындан ары - Сот адилеттигинин жогорку мектеби) жогорку аскердик наамдарды, квалификациялык класстарды, класстык жана атайын класстык чендерди, ардактуу наамдарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө келип түшкөн сунуштарга корутунду даярдайт;
8) судьяларга, соттордун аппараттарынын, Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата келип түшкөн кайрылууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында текшерет, бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
9) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши), Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы (мындан ары - Тартип комиссиясы) менен төмөнкүдөй өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат:
- судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, соттордун бюджеттерин түзүү жана аткаруу, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу маселелери боюнча;
- сот системасынын кадрдык резервин түзүү маселеси боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата), жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу жөнүндө маселени кароодо;
10) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоонун, аларды шайлоо же дайындоо үчүн сунуш кылуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш (мындан ары - Судьяларды тандоо боюнча кеңеш) менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
11) сотторду финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча Сот департаменти менен, судьялык кадрларды окутуу маселелери боюнча Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
12) жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо маселелери боюнча, мыйзамдуулукту сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура) менен ишти координациялоону камсыз кылат;
13) Башкы прокурорду, анын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызматтан бошотуу маселеси боюнча белгиленген тартипте сунуш даярдайт;
14) прокуратура системасынын кадрлар резервин түзүү, кадрларды тандоо жана жайгаштыруу маселеси боюнча Башкы прокуратура менен өз ара аракеттенет;
15) прокуратура органдарында жетектөөчү кадрларды дайындоону макулдашат;
16) төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
- прокуратура жана сот органдары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун өкүлдөрү менен мыйзамдуулук жана сот системасы маселелери боюнча;
- эл аралык уюмдар менен прокуратура органдарынын жана сот органдарынын системасын өнүктүрүү маселелери боюнча;
17) бөлүмдүн компетенциясынын чектеринде Адвокатура менен өз ара аракеттенет;
18) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашырат.