Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 6-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясат боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өзүнүн ишин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу;
2) мамлекеттин тышкы саясатын жетектөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын маалыматтык, талдоо, эксперттик жактан жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
3) тышкы саясаттын биримдигинин принциптерин сактоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттик менен аткаруу максатында бөлүмдүн компетенциясына кирген эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, кызмат адамдарынын ишин координациялоо;
4) республикалык тышкы саясый органдарда жана алардын чет өлкөлүк бөлүмдөрүндө мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышуу;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык кеңештеринин чет мамлекеттер менен ишин координациялоо;
6) чет өлкөлүк иш сапарларда жана региондорго барууларда Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин протокол жагынан камсыз кылуу.
5. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багытын түзүү боюнча сунуштарды даярдайт;
2) Кыргыз Республикасынын тышкы саясат маселелери боюнча актылардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынын жана башка документтеринин долбоорлорун даярдайт;
3) эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, ошондой эле эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдайт;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти катышкан тышкы саясый иш-чараларды пландаштырат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин дипломатиялык кат алышууларын жүргүзөт;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин чет мамлекеттердин кызмат адамдары жана мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
6) эл аралык жана эки тараптуу кыйла актуалдуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды жана рекомендацияларды даярдайт;
7) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - ТИМ) коллегиясынын ишине катышат;
8) чет мамлекеттердин башчыларынын республикага жана мамлекеттер аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлөргө иш сапарларын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
9) республиканын аймагында жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен иш-чараларды протокол жагынан камсыз кылуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын ишин координациялайт;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткарат;
11) мамлекеттер аралык деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Президентинин үчүн материалдарды даярдоону камсыз кылат;
12) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерин дайындоо, ошондой эле жогорку дипломатиялык рангдарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин сунуштарына корутундуларды даярдайт;
13) тышкы саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жүзөгө ашыруу үчүн контролдук кылат;
14) тышкы саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу боюнча ишти жетектейт;
15) эл аралык укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жана токтотуу маселелери боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;
16) дүйнөдөгү саясый кырдаал, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жүзөгө ашыруу системасынын иши жөнүндө маалыматта топтойт, талдайт жана иштеп чыгат, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
17) тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин натыйжалуулугун талдайт;
18) тышкы саясаттын базалык маселелери жана багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
19) ТИМдин ишин координациялайт;
20) Кыргыз Республикасынын Президентинин чет мамлекеттерге иш сапарларынын жана өлкө боюнча кыдырууларынын программаларын даярдайт, бул программаларды аткаруу боюнча ишти координациялайт;
21) чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштурууну жана камсыз кылууну ишке ашыруучу даярдоочу жана алдынкы топторду түзүү жана жөнөтүү боюнча ишти координациялайт, мындай топторду жетектейт;
22) чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу пландаштырылып жаткан иш-чараларды уюштурууну жана камсыз кылууну ишке ашыруучу даярдоочу жана алдынкы топторду кабыл алууга катышат;
23) Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен иш-чаралардын форматтарын макулдашат;
24) Кыргыз Республикасынын Президентине дипломатиялык корпусту сунуш кылууну, ошондой эле чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземин протоколдук-уюштурууну камсыз кылат;
25) Кыргыз Республикасынын Президентинин протоколун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколдук практикасынын негизги жоболорун өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат жана эл аралык протоколдук практиканы жалпылайт;
26) Кыргыз Республикасынын Президентинин белектер фондун түзөт жана пайдаланат;
27) кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү окуу семинарларын жана тренингдерин даярдоого жана өткөрүүгө катышат;
28) тышкы саясый жана тышкы экономикалык иштин маселелерин жүзөгө ашырууда, анын ичинде чет мамлекеттер жана эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташтыкты түзүүдө жана өнүктүрүүдө ТИМге көмөк көрсөтөт;
29) бөлүм кураторлук кылган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратына даректелген каттарды жана башка кайрылууларды карайт.