Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш X - сессия
2017-жылдын 11-октябры № 20 / VII – X - 1
Жаран Кучербаев Асанкул Абдыкадыровичтин арызын кароо боюнча
Бишкек шаарынын ж/м “Көлмө” Мидин көчөсүнүн №20 үйүнүн тургуну Кучербаев Асанкул Абдыкадыровичтин 2017-жылдын 29-сентябрында кириш №43 катталган “1 (бир) гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык Кеӊеши
Токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын ж/м “Көлмө” Мидин көчөсүнүн №20 үйүнүн тургуну Кучербаев Асанкул Абдыкадыровичтин 2017-жылдын 29-сентябрында кириш №43 катталган “1 (бир) гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жаран Кучербаев Асанкул Абдыкадыровичке 1995-жылдан бери колдонуп жүргөн айыл чарба багытындагы 1,0 гектар, анын ичинен 0,6 гектар сугат, 0,4 гектар кайрак үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жаран Кучербаев Асанкул Абдыкадыровичке жеке менчикке бекитилген айыл чарба багытындагы 1,0 гектар, анын ичинен 0,6 гектар сугат, 0,4 гектар кайрак үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т.Байбосунов |