Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 8-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президентинин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (мындан ары - Акыйкатчы), этностук жамааттар жана алардын бирикмелери, диний уюмдар, башка коомдук жана эл аралык уюмдар менен тыгыз өз ара аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин эксперттик-талдоо, маалыматтык камсыз кылуу;
2) жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат жаатындагы жана социалдык чөйрөлөрдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, бөлүмдүн компетенциясына кирген стратегиялык маселелер боюнча сунуштарды даярдоо.
5. Бөлүм негизги милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин консолидациялоо жана сактоо маселелери, этностор аралык жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүү маселелери боюнча иш-чараларын уюштуруу;
2) этностор жана этностор аралык мамилелер, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандык жана эл аралык коомчулук, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мониторинг жүргүзүү, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында стратегиялык багыттарды жана саясаттын оперативдүү чараларын иштеп чыгуу;
5) билим берүү, илим, тарых, маданият, искусство, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу, социалдык коргоо, дене тарбия жана спорт, жаштар саясаты жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
6) социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик жана улуттук программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана сунуштоо, ошондой эле аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун контролдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Акыйкатчы менен өз ара аракеттенип адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана коргоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана башка документтерге корутундуларды даярдоо;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аларга берилген ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылуу;
11) Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратына даректелген, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча каттарды жана башка кайрылууларды кароо;
12) социалдык өнүктүрүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сапаттуу аткарылышын контролдоо;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча докладдарды, талдоо жана маалыматтык маалымкаттарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштоо;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка актыларын иштеп чыгуу;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын бөлүмдүн компетенциясына кирген тапшырмаларын аткаруу;
16) бөлүмдүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын катышуусу менен өтүүчү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
17) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү.