Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XI - сессия
2017-жылдын 20-ноябры № 23 / VII – XI - 2
Жаран Турсунбеков Марат Жекшенбековичтин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Кум-Арык айылынын, Турсумат көчөсүнүн №33 үйүнүн тургуну Турсунбеков Марат Жекшенбековичтин 2017-жылдын 14-ноябрындагы кириш №52 катталган “Үй-бүлөсүнө тиешелүү 3,51 (үч,51) гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Кум-Арык айылынын, Турсумат көчөсүнүн №33 үйүнүн тургуну Турсунбеков Марат Жекшенбековичтин 2017-жылдын 14-ноябрындагы кириш №52 катталган “Үлүш жерлерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Турсунбеков Марат Жекшенбековичке, Турсунбеков Жекшенбекке жана Турсунбекова Атира Жекшенбековага 1995-жылдан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 3,51 гектар, анын ичинен 1,92 гектар сугат, 1,59 кайрак үлүш жер участкалары жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Турсунбеков Марат Жекшенбековичке, Турсунбеков Жекшенбекке жана Турсунбекова Атира Жекшенбековага жеке менчикке бекитилген айыл чарба багытындагы 3,51 гектар, анын ичинен 1,92 гектар сугат, 1,59 гектар кайрак үлүш жер участкаларына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т.Байбосунов |