Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XI - сессия
2017-жылдын 20-ноябры № 24 / VII – XI - 3
Жаран Молдокулов Жайлобек Молдокуловичтин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Кум-Арык айылынын, Шаршеналы көчөсүнүн №4 үйүнүн тургуну Молдокулов Жайлобек Молдобековичтин 2017-жылдын 14-ноябрындагы кириш №53 катталган “Үй-бүлөсүнө тиешелүү 5,85 (беш,85) гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Кум-Арык айылынын, Шаршеналы көчөсүнүн №4 үйүнүн тургуну Молдокулов Жайлобек Молдобековичтин 2017-жылдын 14-ноябрындагы кириш №53 катталган “Үлүш жерлерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Молдокулов Жайлобек Молдобековичке, Орозалиева Салыйка Жолдошовнага, Молдокулов Азамат Жайлобековичке, Молдокулов Акылбек Жайлообековичке жана Жайлобек кызы Гульнарага 1995-жылдан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 5,85 гектар, анын ичинен 3,2 гектар сугат, 2,65 кайрак үлүш жер участкалары жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Молдокулов Жайлобек Молдобековичке, Орозалиева Салыйка Жолдошовнага, Молдокулов Азамат Жайлобековичке, Молдокулов Акылбек Жайлообековичке жана Жайлобек кызы Гульнарага жеке менчикке бекитилген айыл чарба багытындагы 5,85 гектар, анын ичинен 3,2 гектар сугат, 2,65 гектар кайрак үлүш жер участкаларына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т.Байбосунов |