Сравнение редакций…
9-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өзүнүн ишин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратты жана комитеттери, башка органдар менен өз ара тыгыз аракеттенип жүзөгө ашырат.