Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 10-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өзүнүн ишин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республиканын жарандарын жана эл аралык коомчулукту Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишмердиги жөнүндө маалымдар кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисин жана анын орун басарларын жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен байланышын камсыз кылуу;
3) мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүүгө катышуу.
5. Бөлүм коюлган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, буйруктары, сүйлөгөн сөздөрү, жолугушуулары жана ал катышкан башка иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды берүү;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын иши менен байланышкан пресс-релиздерди, маалыматтык бюллетендерди, маалымдама материалдары, башка маалыматты, ошондой эле видео-, фото-, жана аудиоматериалдарды даярдоо жана ЖМКларда жайылтуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий иш-сапарларын, жумушчу кыдырууларын, жолугушууларын, чыгып сүйлөгөн сөздөрүн, ошондой эле республикада жана чет өлкөлөрдө мамлекет башчысы катышкан башка иш-чараларды маалымат жагынан камсыз кылууну уюштуруу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигин толук жана объективдүү чагылдыруу максатында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюу;
5) мамлекеттик маалымат саясатынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо жана аларды ишке ашырууга катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук маанилүү чечимдерин маалыматтык коштоо стратегиясын иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча аларды ишке ашырууга катышуу;
7) өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү ири иш-чараларды координациялоо жана маалыматтык коштоо;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин жакшы кадыр-баркын калыптандырууга жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук жакшы пикирди түзүүгө багытталган иш-чараларга демилгечи болуу жана өткөрүү;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишмердигине карата ЖМКлардын позициясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине кечиктирбестен маалымат берүү;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин маанилүү маселелери жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн кабыл алган чаралар боюнча калк менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана ЖМК аркылуу өткөрүү;
11) Кыргыз Республикасынын Президентинин ЖМКнын өкүлдөрү менен басма сөз-конференцияларды, брифингдерди, интервьюларды жана башка жолугушууларын уюштуруу жана өткөрүү;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы иш-чараларды келечектүү жана оперативдүү пландаштырууга катышуу;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өткөрүлгөн жыйналыштарга, кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу;
14) Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн ЖМКдагы макалалардын жана билдирүүлөрдүн баяндамасын, ошондой эле маалымкаттарды жана талдоо материалдарын даярдоо;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин маселелери, анын ичинде ички жана тышкы саясат боюнча анын позициясын түшүндүргөн сүйлөгөн сөздөрүнүн, иитервьюлардын, макалалардын, маалыматтык материалдардын жана тексттердин долбоорлорун даярдоого катышуу;
16) Кыргыз Республикасынын Президентинин веб-сайтын колдоо, аны өркүндөтүү жана маалымат жагынан дайыма камсыз кылуу;
17) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин негизги багыттары боюнча маалыматтык жана башка материалдардын системага салынган фондун, анын ичинде фото-, видео- жана аудиоархивдерди түзүү;
18) кураторлук кылган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратына даректелген каттарды жана башка кайрылууларды кароо;
19) ЖМКнын өкүлдөрүн жана басмалардын кызматкерлерин сыйлоо жана кубаттоо жөнүндө сунуштарды киргизүү.