Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

11-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы (мындан ары - канцелярия) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Канцелярия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Канцелярия өз ишин канцеляриянын компетенциясына таандык маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат.

2. Канцеляриянын милдеттери жана функциялары

4. Канцеляриянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси), анын орун басарларынын жана Президенттин Аппаратынын ишин документтик жактан камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, чечимдерин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, анын орун басарлары, Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өткөргөн жыйналыштардын, кеңешмелердин протоколдорун тариздөө жана чыгаруу;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын, чечимдерин жана тапшырмаларын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын жана анын орун басарларынын тапшырмаларын аткарышын контролдоону камсыз кылуу;

4) иш кагаздарын жүргүзүүсү аяктаган Президенттин Аппаратынын документтерин эсепке алууну жана сакталышын камсыз кылуу.

5. Негизги милдеттерге ылайык канцелярия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздарын талаптагыдай жүгүртүүнү уюштуруу жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана иштин номенклатурасынын бирдиктүү системасынын иштешин камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорунун, кат-кабарлардын жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына (мындан ары - Президенттин Аппаратынын жетекчилиги) кол коюуга киргизиле турган башка кызматтык документтердин долбоорлоруна лингвистикалык экспертизаны жүзөгө ашыруу;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, чечимдерин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги, Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өткөргөн жыйналыштардын, кеңешмелердин протоколдорун тариздөө жана чыгаруу боюнча ишти уюштуруу, аларды таркатууну, тапшырууну жана сакталышын эсепке алууну камсыз кылуу;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Президентине жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигине кол коюуга киргизилүүчү башка кызматтык документтердин долбоорлорун мамлекеттик тилге которууну жүзөгө ашыруу;

5) кириш жана чыгыш кат-кабарларды кабыл алуу, каттоо, эсепке алуу, аткарууга өз учурунда тапшыруу, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кароосуна жөнөтүү;

6) чыгыш кат-кабарларды кабыл алуу, каттоо, эсепке алуу, көбөйтүү жана таркатуу;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин дарегине келип түшкөн кат-кабарлардын өтүшү жана кароо абалы жөнүндө маалымдама маалыматты берүү;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, чечимдерин, тапшырмаларын, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин чечимдерин жана тапшырмаларын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аткарышына контролдук кылуу;

9) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө документтерди аткаруунун мөөнөттөрү жакындап калгандыгы жөнүндө маалымдоо;

10) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө аткаруучулук тартиптин абалына талдоо жүргүзүү;

11) жарым жылдын жана жылдын жыйынтыктары боюнча Президенттин Аппаратында документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзүү;

12) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө регламентинин ченемдеринин сакташына контролдукту жүргүзүү;

13) Президенттин Аппаратынын иштөө процессинде түзүлгөн документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүүнү ишке ашыруу, сакталышын жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине (мындан ары - Президенттин Архиви) өткөрүүгө даярдоону уюштуруу;

14) Президенттин Архивинин ишине координациялоону жүзөгө ашыруу;

15) Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жактан жардам көрсөтүү;

16) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүн бланк продукциясы менен камсыз кылуу.

17) Президенттин Аппаратынын мезгилдүү басылмаларга жазылуусун жүргүзүү.