Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 13-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасында жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык өз ишинде Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара байланышта жүргүзөт.
2. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
4. Катчылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жарандык маселелерин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жүктөлгөн конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишин маалыматтык-талдоочулук, уюштуруучулук-методикалык, документтик жана укуктук жактан камсыздоо;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгына калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу жөнүндө арыздарды алдын-ала кароо жана алар боюнча сунуштарды чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине даярдоо.
5. Катчылыктын функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтерден, административдик ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Президентине, Комиссияга, Президенттин Аппаратына даректелген каттарды жана кайрылууларды кароо;
2) жарандык маселелер боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
3) жарандык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн материалдарды даярдоого катышуу;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу.
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
6. Коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында Катчылык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) катчылыктын иши үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан жана башка юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
3) жарандык маселелери менен иштеген чет мамлекеттик органдар, чет элдик жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
5) жарандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка материалдарды министрликтерге, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте кайтарууга.
4. Катчылыктын жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Жооптуу катчы катчылыкка жалпы жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Жооптуу катчы Жарандык маселелери боюнча комиссиянын төрагасы, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар менен мамилелерде катчылыктын атынан иш алып барат.
9. Катчылыктын эксперти жооптуу катчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Жооптуу катчы:
1) катчылыктын ишин уюштурат жана пландаштырат;
2) катчылыктын ишине жалпы жетекчилик кылат жана катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) аткарууга келип түшкөн документтерди өзү менен катчылыктын эксперттеринин ортосунда бөлүштүрөт;
4) катчылыктын ишинде талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
5) министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тапшырган маселелерди оперативдүү чечүү үчүн чакырат;
6) министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин зарыл болсо Комиссия, Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппараты, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн тартат, алардан катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алат;
7) Комиссиянын жыйналышында каралуучу документтерди даярдоону камсыз кылат;
8) катчылыктын компетенциясына кирген маселелерди кароодо Комиссиянын жыйналыштарына, Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырмаларынын министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышына контролдук кылат;
10) катчылыкта жашыруундуулук режимин сактоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарууга жатпаган маалыматтарды жарыялоону болтурбоо боюнча чараларды көрөт;
11) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын карайт жана аларга жооп даярдайт;
12) катчылыктын кароосуна келген Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлоруна, башка документтерге виза коёт;
13) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
14) катчылыктын кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого сунуштайт, тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
15) катчылыктын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
11. Эксперт:
1) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарды уюштуруу жагынан камсыз кылат;
2) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды даярдоого катышат;
3) жарандык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын системалайт жана контролдук нускамаларын жүргүзөт.