Документке
Мурунку21.06.2024

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 21-июну № 36

Миң-Булак айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн тариф бекитүү жөнүндө

“Таза Булак” муниципалдык ишканасынын директору Р.М.Шамузанын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, чакан жыйындардагы элдин пикирин эске алып (Беш-Көрүк, Александровка, Крпуское айылдарындагы 2024-жылдын 27-майында өткөн чакан жыйын, Сретенка, Большевик айылдарында 2024-жылдын 28-майында, Заря айылында 2024-жылдын 31-майында өткөн чакан жыйын), Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ №370 Жарлыгына ылайык, административдик-аймактык реформанын алкагында мурунку Александровка, Садовое, Сретенка айылдык аймактарындагы “Александровка”, “Таза көчө” муниципалдык ишканалары жоюлуп жана жаңы “Таза Булак” муниципалдык ишканасы түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Миң-Булак айыл аймагынын экологиялык жана санитардык абалын жакшыртуу максатында

Айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Таштандыларды чыгаруу үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:

–     Александровка, Беш-Көрүк, Крупское айылдарынын калкы үчүн бир короого айына – 85 (сексен беш) сом.

–     Садовое айылынын калкы үчүн бир короого айына – 100 (жүз) сом.

–     Сретенка айылынын калкы үчүн бир короого айына – 125 (жүз жыйырма беш) сом.

–     Большевик, Заря айылдарынын калкы үчүн бир короого айына – 100 (жүз) сом.

2. Садовое айылдык кеңеши, Александровка айылдык кеңеши таштанды чыгаруу үчүн тарифтер бекитүү боюнча мурун кабыл алган токтомдору жокко чыгарылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

Жаңы09.09.2024

(Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)

1.1 Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөн 100% бошотулсун:

-  Александровка айылынын көчө башчылары;

-  жалгыз бой жашаган кары адамдар;

-  үй-бүлөлүк соцпаспорту бар биринчи группадагы майыптар;

-  үй-бүлөлүк соцпаспорту бар көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.