Редакцияот 12.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

 

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 676 токтомуна)

 

 

 

2024–2028-жылдары Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык жана пробациялык) системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы

 

1. Мамлекеттик программанын паспорту

 

Мамлекеттик программанын аталышы

2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык жана пробациялык) системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы

Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу үчүн чечимди кабыл алуунун негизи жана датасы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 Жарлыгы менен бекитилген “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасы

Мамлекеттик заказчы – Мамлекеттик программанын координатору

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Мамлекеттик программаны негизги иштеп чыгуучулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти 

Мамлекеттик программанын максаты

Улуттук мыйзамдарга жана эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык соттолгондордун, камакта кармалган адамдардын, анын ичинде пробация кардарларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууну эске алуу менен жаза аткаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу

Мамлекеттик программанын негизги милдеттери

1. Соттолгондорду жана пробация кардарларын кайра социалдаштырууга багытталган жазаларды аткаруунун натыйжалуу механизмдерин киргизүү жана өнүктүрүү аркылуу мамлекеттин жаза аткаруу саясатын өркүндөтүү.

2. Жаза аткаруу ишинде башкаруу системасын өркүндөтүү жана кадрдык потенциалды жогорулатуу.

3. Жаза аткаруу системасындагы коопсуздуктун учурдагы системасын модернизациялоо.

4. Жаза аткаруу системасынын инфратүзүмүн жакшыртуу

Мамлекеттик программанын негизги максаттуу индикаторлору жана көрсөткүчтөрү

– 2028-жылга карата түрмөдөгү адамдардын санын минимум 5 %га кыскартуу;

– кайталап жасалган укук бузуулардын (кылмыштардын) санын кыскартуу;

– түзөтүү жана реабилитациялык программалардын санын, анын ичинде алардын натыйжалуулугун жогорулатуу;

– соттолгондорду иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу;

– жаза аткаруу системасынын кызматкерлеринин соттолгондор жана пробация кардарлары менен иштөө боюнча кесиптик потенциалын жогорулатуу;

– пенитенциардык системада аутсорсинг системасын апробациялоо;

– пенитенциардык мекемелердин жана пробация органдарынын системасына жаңы санариптик технологияларды киргизүү;

– түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жогорулатуу;

– пенитенциардык жана пробация органдарын техникалык жактан модернизациялоо

Мамлекеттик программанын иш-чараларынын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү

– жаза аткаруу ишине соттолгондордун жана пробация кардарларынын тобокелдигин баалоо жана классификациялоо системасы киргизилди;

– жаза аткаруу системасынын алдында турган милдеттерди чечүү үчүн жаза аткаруу органдары менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү жакшыртылды;

– пробация органына мүнөздүү эмес функциялар алып салынды;

– соттор тарабынан альтернативдик жаза чараларын дайындоо боюнча сот практикасына талдоо жүргүзүлдү;

– мамлекеттик кесиптик лицейлердин базасында пробация кардарлары үчүн кесиптик окутуу уюштурулду;

– соттолгондорду эмгекке жана окууга кызыктыруучу механизмдер иштелип чыкты;

– мекемелерде өндүрүштүк иш көбөйтүлдү;

– соттолгондорго жана пробация кардарларына юридикалык жардам көрсөтүү кызматтарынын иши кеңейтилди;

– соттолгондордун радикалдашуусуна каршы аракеттенүү механизми ишке киргизилди;

– соттолгондордун жана пробация кардарларынын кылмыштуу жүрүм-турумун өзгөртүүгө, ошондой эле аларды кайра социалдаштырууга багытталган түзөтүү программалары киргизилди;

– эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгондор жана пробация кардарлары үчүн калыбына келтирүүчү медиациянын бирдиктүү программасы киргизилди;

– аялдар абагында, Жазаларды аткаруу кызматынын жана Пробация департаментинин башка мекемелеринде психологдор үчүн үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү үчүн шарттар түзүлдү;

– жаза аткаруу системасынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо системасы жакшыртылды;

– жаза аткаруу системасында коррупциялык тобокелдиктер төмөндөтүлдү;

– “Авто ДОК” АМС ишке киргизилди;

– соттолгондорду жана пробация кардарларын электрондук контролдоо каражаттары ишке киргизилди;

– “Пробация” АМСти модернизациялоо;

– мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө эл аралык келишимдердин ченемдерин өзгөртүү боюнча тыянактар жана сунуштар иштелип чыкты;

– түзөтүү мекемелери, тергөө изоляторлору жана пробация органдары модернизацияланды

Мамлекеттик программаны ишке ашыруу мөөнөттөрү

2024–2028-жылдар

Мамлекеттик программаны каржылоо көлөмү

387 677 700 сом

Мамлекеттик программаны каржылоо булактары

Республикалык бюджет жана башка булактар

Мамлекеттик программаны ишке ашырууда күтүлүүчү акыркы натыйжалар

– тобокелдиктерди жана керектөөлөрдү баалоо системасынын негизинде натыйжалуу реабилитациялоо жана кайра социалдаштыруу боюнча соттолгондор жана пробация кардарлары менен иштөөнү жекелештирүү;

– жаза аткаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;

– алдынкы технологияларды колдонуу менен жаза аткаруу системасынын кесипкөй кадрларын окутуу системасын модернизациялоо;

– тиешелүү социалдык пакетти берүү аркылуу кадрдык потенциалды күчөтүү;

– пенитенциардык мекемелердин жана пробация органдарынын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу;

– мекемелерди башкарууда коопсуздуктун аудит системасын колдонуу;

– жаза аткаруу системасынын ишине маалыматтык-коммуникациялык технология-ларды киргизүү;

– пробация органдарынын администрациялык имараттарын куруу;

– түзөтүү мекемелерин жана пробация органдарын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу