КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-октябрындагы № 143/31-8
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.02.2023-ж. №114/25-8 токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.02.2023-жылдагы №114/25-8 токтомунун тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) тиркеменин 1- абзацындагы Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы “Кыргызалиев Бакытбек Насерединович-мүчө” деген сөздөр “Кыргызалиев Бакытбек Насерединович- туруктуу комиссиянын төрагасы деген сөздөр менен алмаштырылсын, “Мамытканова Тамара Акимжановна- туруктуу комиссиянын төрайымы” деген сөздөр “Мамытканова Тамара Акимжановна- мүчө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) тиркеменин 2- абзацындагы Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы “Токтосунов Абил Токтосунович- мүчө” деген сөздөр “Токтосунов Абил Токтосунович- комиссиянын төрагасы деген сөздөр менен алмаштырылсын, “Тельтаева Самара Мавзудайыровна- туруктуу комиссиянын төрайымы” деген сөздөр “Тельтаева Самара Мавзудайыровна- мүчө деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов |