Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-ноябры № 671
Ломбард ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Отчетко төмөнкүлөр тиркелет: бухгалтердик баланс, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, ишкердиктин субъекттеринин финансылык-чарбалык ишинин бухгалтердик эсебинин эсептер планынын бардык саптары камтылат.";
- жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 11-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 242-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-14-пунктчалар менен толукталсын:
"12) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте отчет берүүгө жана маалыматты ачып берүүгө милдеттүү;
13) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зайымдарды берүүнүн, зайым берүү боюнча документтерди тариздөөнүн, күрөөнү тариздөөнүн тартибин сактоого милдеттүү;
14) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган зайымдар боюнча жол берилген чектеги жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы сактоого милдеттүү.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
| "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобонун 11-тиркемеси |
20___-жылдын "___"_______________ карата ломбарддын иши жөнүндө ОТЧЕТ
Кварталдык
I бөлүм. Ломбард жөнүндө жалпы маалыматтар
1-пункт. Ломбарддын реквизиттери
Ломбарддын толук аталышы | Ломбарддын кыскартылган аталышы | ОКПО боюнча ломбарддын уюштуруу-укуктук түрүнүн коду | Ломбарддын салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номери (ИСН) | Ломбарддын мамлекеттик каттоо номери | Ломбарддын жайгашкан жери |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Ломбарддын иш жүзүндө жайгашкан жери | Почтанын кат-кабары үчүн дареги | Ломбарддын телефон номери | Ломбарддын факс номери | Ломбарддын электрондук почтасынын дареги | Ломбарддын "Интернет" маалыматтык-телекоммуникация тармагындагы сайтынын дареги (болсо) |
7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
|
|
|
|
|
2-пункт. Ломбарддын обочолонгон бөлүнүштөрү жөнүндө маалыматтар
Катар номери | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн аталышы | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн түрү | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн иш жүзүндө жайгашкан дареги | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн телефон номери | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн факс номери | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн электрондук почтасынын дареги | Ломбарддын бөлүмү тарабынан отчеттук мезгил үчүн берилген зайымдардын суммасы | Обочолонгон бөлүмдүн жабылган күнү |
13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3-пункт. Ломбарддын кредиттик уюмдарда ачылган эсептери жөнүндө маалыматтар