Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 694 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) ведомстволук билим берүү мекемеси болуп саналат.
2. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, Күжүрмөн Туусу, эмблемасы, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы, штамптары, фирмалык бланктары болот.
3. Борбордун фирмалык толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору";
расмий тилде: "Республиканский учебный центр Министерства внутренних дел Кыргызской Республики имени генерал-майора милиции Шабирова Жапара Шабировича".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "РОБ";
- расмий тилде: "РУЦ".
Борбордун юридикалык дареги: 720046, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Месароша көчөсү, 3.
4. Борбор өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен кызматташат.
5. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин, конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ИИМдин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
6. Борбордун ишинин максаты коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган билим берүү кызматтарын көрсөтүү болуп саналат.
7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ИИОго катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматына биринчи жолу кирип жаткан адамдарды (мындан ары - талапкерлер) баштапкы атайын кесиптикке даярдоо;
2) ИИОнун катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарын (мындан ары - угуучулар) кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
3) тынчтыкты сактоочу миссияларга иш сапарларга жөнөтүлгөн ИИОнун кызматкерлерин окутуу;
4) детективдик жана күзөт ишин жүзөгө ашыруучу адамдарды окутуу;
5) кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуудан өтүп жаткан адамдарды, андан тышкары Кыргыз Республикасынын ИИОсунун катардагы жана кенже жетекчилик курамындагы кызматка алгачкы кирил жаткан адамдарды "В" категориясындагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу;
6) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.
3-глава. Борбордун функциялары
8. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү максатында Борбор төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында билим берүү жана кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык окуу процессин уюштурат;
2) билим берүү курстарын уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт;
3) даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгат жана бекитет;
4) семинарларды, тренингдерди, конференцияларды, анын ичинде эл аралыктарын уюштурат жана өткөрөт;
5) окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорду, брошюраларды, тематикалык жыйнактарды жана конференциялардын материалдарын даярдайт жана басып чыгарат;
6) китепкана фондун түзөт жана аны дайыма атайын, юридикалык жана башка адабияттар менен толуктап турат, китепканалык маалымат базасын түзүү жана жалпылоо үчүн окуу адабияттарын, лекцияларды жана методикалык колдонмолорду электрондук форматта эсепке алууну жана сактоону жүргүзөт;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
8) укук коргоо чөйрөсүндө билим берүү жаатындагы оң тажрыйбаларды изилдөө жана пайдалануу максатында чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын илимий жана билим берүү мекемелери жана эл аралык уюмдар менен мыйзамда белгиленген тартипте кызматташууну жүзөгө ашырат;
9) окутуунун инновациялык формаларын жана методдорун киргизүү жана жаңы билим берүүчү жана санариптик технологияларды колдонуу жолу менен ИИОнун кызматкерлерин окутууну, даярдоону жана кайра даярдоону, билим берүү ишин өркүндөтүү жана өнүктүрүү, Борбордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
10) билим берүү жана тарбиялоо максатында ИИОнун практикалык бөлүктөрүнүн, башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамын, башка адистерди, ошондой эле коомдук ишмерлерди жана маданият өкүлдөрүн лектор жана окутуучу катары тартууну уюштурат;
11) кадрдык потенциалды калыптандырат, өздүк курамдын кесиптик даярдыгын жогорулатат, ошондой эле кызматкерлердин ар тараптуу өнүгүүсү жана алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт;
12) Борбордун милдеттерине тиешелүү чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Борборго жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүүчү башка функцияларды ишке ашырат.