Редакцияот 19.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 19-ноябры № 182

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

455-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

"1) кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго же жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу тууралуу;".

 

2-берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2024-жылдын 16-октябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган